Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуБакай-Ата району 03.04.2019 09:18 Жаңыланды: 09.04.2019 22:37

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Исабекова «махабат жууркандарын» тигип сатууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 49 жаштагы тургуну Айнура Исабекова «махабат жууркандарын» тигип сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата айылынын кызы. Кийин Миң-Булак айылына келин болгон. Кесиби боюнча медайым.

«1986-жылы медайым адистигин алып, ошол жылдан 1993-жылга чейин Бакай-Ата райондук биргелешкен ооруканасында медайым болуп иштегем. 1993-жылы декретке чыгып кеттим дагы, ошондон кийин чарбага бөлүнүп, иштей албай үйдө отуруп калдым. Өзүм ийнеге жип өткөргөндү деле жакшы билчү эмесмин. Кан кубалайт окшойт, апам тигүүчү, чебер аял эле. Таенем дагы иштүү аял болчу. Андан соң жашоо турмуш кыстадыбы ушинтип тигип калдым.

Кайын энем Казакстандын жарандыгын алып, көп жылдардан бери ошол жакта жашайт. Келген сайын эле мага «жууркандан көп эле тиге берчи, алып барсам эле сурап жатышат» деп келип жатты. Мен макул деп тигип берип жаттым. Анан акчага кызыгуу болду окшойт (күлүп). Кол өнөрчүлүккө баш-отум менен кирип кеттим. Көбүнчө жууркан, жер төшөк тигем. Мындан 7 жыл мурун кызым турмушка чыгып, кайын энем Казакстандан «махабат жуурканы» деп бир жууркан көтөрүп келди. Мени «ошого окшоштуруп жаса» деди. Мен ага окшоштуруп тигип улап кеттим. «Махабат төшөгүндө» 1 төшөк, жуурканы, 2 жаздыгы болот. Баасы 5 миң сомдон. Кызын турмушка узаткандардын көбү буйрутма беришет. Азыр такшалып, жер төшөктү 1,5 саат аралыгында бүтүрөм. Ал эми «махабат жуурканы» 3 сааттан ашык убакта даяр болот. Кыз-келиндерди дагы бул ишке үйрөтүп иштеп жатабыз», - деди ал.

Чебер айым жолдошу экөө 2 уул, 1 кыз, 6 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×