Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуБакай-Ата району 04.04.2019 08:50 Жаңыланды: 04.04.2019 17:27 На русском

Айыл турмушу: 27 жаштагы Айгүлдүн узун чачына кызыккан бейтааныш ага сөйкө сатып берген

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунун 27 жаштагы тургуну Сабырбек кызы Айгүлдүн чачы тезесинен ылдый келет. Анын чачынын узундугуна көпчүлүк адамдар кызыгышат. Айгүл менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Талас мамлекеттик университетинде акыркы курста окуп жатат.

«19 жашымдан бери чачымды кыркпай, өстүрүп келем. Апамдын чачы аябай узун. Анын чачына кызыгып жүрүп өстүрүп калдым. Ошондой эле чач кыздардын көркү деп билем. Мага чачка кам көргөн абдан жагат. Суу кезинде аябай оор болот. Өзүмдүн боюм 1,58 см, чачымды ченеген эмесмин. Тиземден 1 карыш ылдый. Өңү кара.

Чачыма көп адамдар кызыгат. Айрымдар "кыргыздын Рапунцели го" деп айтышканда абдан жагымдуу болгон. Бир жолу ооруканада жатканда бир улгайган байке алдымды тосуп, "ушул жашка келгенче узун чач көргөн эмесмин. Биринчи көрүшүм, көз тийбесин" деп дүкөнгө ээрчитип барып, күмүш сөйкө алып берген. Ал сөйкөнү азыркыга чейин сактап келем. Мен ошондо абдан кубанган элем. Өткөндө агамдын туулган күнү болуп, сулуулук салонуна чачымды жасатууга бардым. Ал жердеги кыздар чачымчы текшеришип, "чын эле өзүңдүкүбү?" деп таң калып, сүрөткө тартып алышкан.

Көчөгө чачымды түйүп чыгам. Антпесем чачыма отуруп алып жүдөйм», - деди ал.

Айгүл бош убактысында кагаздан гүл жасайт.

«Майып арабада отурам. Узакка чыкканда майып арабанын жардамы керек болот. Белим көп бассам ооруп кетет. Дарыгерлер так диагноз кое албай коюшту.

Бош убактымда кагаздан гүл жасап, кыздарды сулуулайм. Кирпиктерин узартам. Өз алдымча үйрөнүп алгам. Келечекте чач боюнча кандай сынак болсо да катышкым келет. Анткени мен чачым менен сыймыктанам. Бул менин көркүм деп билем», - деди ал.

Айгүл төрт бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×