Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуБакай-Ата району 05.04.2019 09:09

Айыл турмушу: Бакай-аталык улакчы Азирет өзүнүн командасын топтоону пландап жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 25 жаштагы тургуну Бакболот уулу Азирет 5 жылдан бери көк бөрү ойноп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы учурда «Үрмарал» командасында ойнойт.

«Менин балалык чагым улак менен өттү. Бала кезимден эле улакка кызыгам. Коңшу акелерди ээрчип жүрүп ойноп калдым. Биздин коңшу акелерибиздин көпчүлүгү улак ойношот. Ал убакта биз кичинекей болчубуз. Теңтуш балдар болуп алардын ойногондорун көрүп кызыкчубуз. Күндүн ысык-суугуна карабай, кайсы жерде оюн болбосун ээрчип алып оюн көрүп келер элек. Талдын жаш чыбыгынан ат кылып жасап алып, улак ойночубуз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле оюнга Лазер деген күлүк менен чыгарын кошумчалады.

«Башында чакан оюндарга чыгып жүрдүм. Акырындык менен командаларга аралаша баштадым. Улак оюну оңой көрүнгөнү менен ат үстүндө ойногон өтө коркунучтуу. Ар кандай кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта баарына даяр туруш керек. Оюн учурунда бир гана жеңишке жетиш керек деген максатты ойлоп ойнойсуң. Бирде жыгылсаң, бирде оюнду жакшы алып барасың. Ошентип жүрүп ийгиликке жетесиң. Менин командада жүргөнүмө 5 жылдын жүзү болду. «Үрмарал» командасындамын. Бакай-Ата районунун атынан чыгып келебиз. Лазер деген күлүгүм азыр 2 асый. Аны күндө машыктырып турам. Бир күндө 20 мүнөт чуркатып даярдайм. Убагы менен жем, чөп, суу берип турам. Канчалык үстүнөн түшпөй карасаң, ошончолук жакшы чабылат. Жакшы чабылган күлүктөргө баары кызыгат. Менин Лазериме дагы кызыккандар көп. Бир адамдын колунда чабылып, ошол адамдын колунан тапталган күлүк жакшы ийгиликтерге ээ болот деп ойлойм. Анткени денеге сен дагы, минген күлүк дагы бири-бирине көнүшүп калган болот.

Оюнда бирде жеңиш, бирде жеңилүү болот. Эки командада тең катачылыктар кетет. Эң жакшысы кийинки оюнда катачылыктарды кайталабай ойноого аракет кыласың. Азыр 25 жаштамын. 5 жылдан кийин өсүп келе жаткан улакчы жигиттерди чогултуп, бир команда кылууга аракет кылам», - деди ал.

Көк бөрүчү жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×