Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуБакай-Ата району 06.04.2019 11:03 Жаңыланды: 06.04.2019 13:25 На русском

Таласта жол кырсыктан ЖКККБ кызматкери каза болду

Turmush -  Талас облусунда жол кырсыктан жол күзөтчү каза болду. Бул маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 5-апрелде саат 22:40 чамасында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында катталган. Анда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлеринин унаасы менен «MAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 1 жол күзөтчү каза болуп, анын эки кесиптеши ооруканага түшкөн.

Учурда жол кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кийинчерээк ИИМдин ЖККК башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол кырсык 5-апрелден 6-апрелге караган түнү Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунда Боо-Терек айылында катталган.

Анда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери «Хендай Портер» унаасын токтотушуп, аны айып жайга киргизүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда жүк ташуучу унаа айдоочу турган тараптан ЖККК бөлүмүнүн унаасын сүзгөн.

Анын кесепетинен ЖКККБ кызматкери, милициянын прапорщиги, 1973-жылы туулган Абдылбаев Жыргалбек Байзакович окуя орун алган жерде каза болгон. Ал укук коргоо органдарында 1997-жылдан бери иштеп келген.

Анын артында жакындары, эки уулу, бир кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×