Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуКара-Буура району 08.04.2019 10:37 На русском

Айылда миллионер болгон жубайлар: С.Абдрахманов менен Н.Абдрахманованын элеттеги эмгеги (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Башат айылындагы жубайлар — 63 жаштагы Сатылган Абдрахманов менен 61 жаштагы Нурбүбү Абдрахманова трактор иштетип, дыйканчылык кылып, мал багуу менен жылына 1 млн сомго чейин киреше табышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алар менен таанышты.

Жубайы: Айдоочулук окуу жайда окуган эмесмин. Трактор айдаганды жолдошум үйрөткөн. Акча керек болуп, үйрөнбөскө арга болбой эле иштеп кеттик. Өзүмдүн кесибим тигүүчү. Тигүүчүлүк менен Бишкекте 3 жыл иштедим. Айлыгы аз болуп, трактор айдоого өтүп кеткем (күлүп).

Тракторду ушул фермерчиликти түптөгөн учурдан баштап 20 жыл айдап жүрдүм. Элдин баары уктап жатышса биз кечинде кеч уктап, таң атпай саат 4-5те туруп жер айдайт элек. Кыйналганда «элдей болуп качан уктайт болду экенбиз» деген күндөрүм болгон. Азыр тракторду токтотуп, жеңил унаа айдап калдым. Небере кыздарыма дагы унаа айдаганды үйрөтүп келем. Унааны айыл ичинде айдап, өз тиричилигибизди жасай беребиз. Суу көйгөй жараткандыктан аны ташып келүүдө эч кимди күтүп отура бербестен бала-чакам менен унаага түшүп алып, суу ташып келүүгө туура келет.

5 балалуу болдук. 2 балабыз кайтыш болуп кетти. Азыр 2 уул, 1 кызыбыз, 12 неберебиз бар.

Жолдошу: Мен ушул айылда чоңоюп өстүм. Мектепти бүткөндөн кийин 1977-жылы Россиянын Чита шаарында аскердик кызматымды өтөп келдим. Айыл жергесинде мал багып жүрдүк. Алгач 2, анан 4, аны 10 кой кылдык. Кантип көбөйгөнүн байкабай калдым. Жаштайымдан ичкилик ичпей, чылым чекпей оокат деп, күнү-түнү тырышып иштеп жүрдүм. Койдун санын көбөйтүп, гектарлап буудай эгүүгө өттүк. Ага керектелүүчү техникаларды бирден чогултуп отуруп, шаймандарына чейин топтодум. Албетте оңой болгон жок. Ошентсе дагы насыя алып, натыйжалуу пайдаландык. Жылына 700 миң сомдон 1 млн сомдун тегерегинде киреше таап, балдарыбыздын келечегинин пайдубалын тургузуп жатабыз. Техникаларыбыз менен элге жардам берип келебиз.

Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 49 жаштагы тургуну Муктарбек Малабаев жубайы Айнура Бөтөшованын кантип миллионер болгондугу жөнүндөгү макаланы бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×