Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуКара-Буура району 09.04.2019 12:04 Жаңыланды: 09.04.2019 21:27

Уйгур, казак, дунган, орус, украин улуттарынан куда күткөн жубайлар. Орозалы ата менен Саракүл апанын чакан мамлекети. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылында жашаган 89 жаштагы Алыбаев Орозалы ата менен 80 жаштагы Алыбаева Саракүл апанын үй-бүлөсү ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алар менен таанышты.

Орозалы ата: Мен 1930-жылы Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында төрөлгөм. Бирок паспортто 1933-жыл деп жазылып калган. Мектепти аяктап, Ж.Баласагын атындагы университеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгом. Ал университет 1951-жылы ачылганда окуп, 1956-жылы бүтүрүп, математик болуп чыккам.

Алгачкы эмгек жолумду Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек деген айылында баштагам. Ошол кездерде түштүккө жардам керек деген чакырыктар чыккан. Ошондо ректор ал жакка бар деп айткан эле. Макул болуп барып, 1 жылга жетпей кайра келгем. Себеби апам катуу ооруп жатат дегенинен кайтып келгем. Келе жатканда апама жардам берген киши жок болсо кандай болот деп ойлодум. Апама келин керек болду. Аманбаев айылында мени менен чогуу окуп бүткөн Иманбердиев Анарбек деген дарыгер бар болчу. Ошол дарыгер Кара-Буурада иштеп жүргөн экен. Үйүнө токтоп, кыз сураштырсам «медициналык окуу жайда окуп жаткан бир кыз бар» деди. Ошентип байбичем менен тааныштык. Сүйлөшүп жүрдүк, окуусун бүтө турганын айтып калды. 1957-жылы окуусун аяктаганда баш коштук. Ошондон бери бирге жашап келе жатканыбызга быйыл 62 жыл болду. Байбичем ак көңүл, мээримдүү киши. Жаңы баш кошкондо апамды дарыгерге көрсөтүп, өзү дарылады. Апамдын көзү өткөнчө карап, ойлогон оюмду аткарып турду.

Аманбаев айылындагы мектепте орус класстар үчүн физиканы окуткан мугалими ооруп калып, убактылуу мен иштеп турдум. Ал мугалим келгенде кете турган болдум. Бирок директордун окуу иштери боюнча орун басары кетпесеңиз дегенинен ошол жерде эмгек кылып калдым. Убакыт өтүп, райком мени чакырып, директор болуу сунушун айтты. Мен макул болуп, 3 жылча иштедим. Андан кийин Жоон-Дөбөдөгү кой заводуна парткомдун катчылыгына шайлашып, анда 2 жылча эмгек калдым. Кийин кайра Бакайыр орто мектебинде директор болуп иштеп жүрүп пенсияга чыктым. Партком катчысы болуп иштеп турганда айылдык китепкана кароосуз, ээн калып, анда китепканачы жок болуп жатканы айтылды. Байбичем ошол жерде китепканачы болуп эмгектенип калды. Ал үчүн Токмоктогу китепканачылардын окуусун бүтүп келди. Китепканачы болуп иштеп, пенсияга чыкты.

Саракүл апа: Мен казак элинин кызымын. 1939-жылы Жамбыл облусунун Подгорное айылында төрөлгөм. Бир үйдүн жалгыз кызы болуп чоңойдум. Кудайга шүгүр, артыбыздан жаман сөз ээрчиткен жокпуз. Баарын бирге жеңип, элибизде тынчтык болсо экен деп тиленип отурабыз. Өзүм казак улутунан болсом дагы бул жакта жүргөндө кыргызча так сүйлөп, эмгегимди элибизге арнадым. 25 жыл китепканада иштеп, пенсияга чыктым.

Ар улуттан куралган бүлө менен турмуш кечирип, жакшылыктарды көрүүдөбүз. Алгач эле улуу балам бизди украин улутунан келиндүү кылды. Өөн учураган эч нерсе болгон жок. Анткени сүйлөшүп жүргөндөрүн айтып калчу. Балам келиним экөө Харьковдогу бир институтта окушту. Харьковдон үлпөт тоюн берди. 1 айдан кийин үйгө алып келди. Мен тосуп алып, үйдө 1 ай жүрдү. Экөө борбордон жумушка орношуп, анда иштеп калышты. Мен кудагыйыма «Украинанын салтын билбейм. Кандай кылам?» десем, ал келем деди. Тосуп алдым. «Бизде калың деген жок. Балага кызды себи менен береби. Ошонусун алып берейин» деп келдим деди. Шаарды кыдырып, керектүү буюмдарын алып берди. Мага «биздин салтыбыз» деп жоолук, шоколад алып келди. 2 күн жүрдү. «Биздин салтыбыз боюнча сүт акы, калың бериш керек болчу» десем, «биз эч нерсе албайбыз, биздин салтыбыз боюнча кызга сеп беребиз. Мен септи алып бердим, эми кетем» деди. Учакка билет алып узаттык. Ага чейин алтын шакек алып берип, «эч нерсе албасаңыз сүт акыңыз ушул болсун» деп тапшырдым.

Азыркы кезде келин-кыздарым, балдарымдын баары иштеп, элге кызмат кылышат. Дагы бир келиним орус улутунан болот. Күйөө баламдын бирөө дунган. 2 күйөө балам казак, уйгур кудагыйым бар. Интернационалдык кичи мамлекетпиз (күлүп). Айыл ичинен дагы ошентип айтып калышат. Кайсы улуттан келиндүү же күйөө балалуу болсок дагы сүйүнүп келебиз. Небелерибиздин баары жакшы окушат. Келиндерибиздин ысык чайын ичип келебиз. Куда-кудагыйлар менен баарыбыз чогулганда ортодо кыргыз, казак, орус, украин тилдеринде сүйлөшөбүз. Мен казак тарапка барганда казакча сүйлөйм. Узак убакыт жүрүп келе турган болсом казакча аралаштырып, анан кыргызчаны так сүйлөгөнгө көнүп калам. Абышкамдын 1-май туулган күнүндө небере-чөбөрөлөрүбүз келишет, чогуу майрамдайбыз.

Мен 2 жолу «Баатыр эне» медалын алгам. Биринчиси Союздуку, экинчиси Казакстандыкы. 2 кызым ата жолун улап, математика сабагынан мугалим. Үчүнчү кызыбыз Казакстанда, ал дагы мугалим. Андан кийинкиси менин жолумду жолдоп китепканачы.

Жубайлар 3 уул, 7 кыз, 32 небере-чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×