Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 09.04.2019 14:25 На русском

Кара-Буура районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кызматына С.Жарманбетованын талапкерлиги каралууда

Turmush -  Кара-Буура районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кызматына Самара Жарманбетованын талапкерлиги каралууда.

Маалым болгондой, Самара Жарманбетова 53 жашта. Кесиби боюнча орус тили жана адабияты боюнча мугалим.

Өмүр баяны:

Аты-жөнү: Жарманбетова Самара Урусовна.

Туулган жылы: 1966-жыл, 2-август.

Туулган жери: Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы.

Улуту: кыргыз.

Билими: 1988-жылы Россиянын Курск шаарындагы педагогикалык институттун филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1988-1996-жылдары Бакай-Ата районундагы Кара-кашат орто мектебинде мугалим.

- 1996-1998-жылдары Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектебинде орус тилчи мугалим.

- 1998-2000-жылдары аталган мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары.

- 2000-2002-жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы.

- 2002-2004-жылдары Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулканасынын усулчусу.

- 2004-2006-жылдары аталган бөлүмдүн усулкана башчысы.

- 2006-2009-жылдары билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.

- 2009-жылдын июнь айынан тарта А.Чолпонкулов атындагы орто мектептин директору болуп эмгектенип келе жаткан.

- 2012-2016-жылдары Талас шаардык кеңештин депутаты болгон.

Кесиби боюнча облустук, райондук жетекчиликтин бир нече сыйлыктарына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×