Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуТалас району 10.04.2019 12:30

16 жаштагы мугалим: Таластык Дастан окуучуларга англис тилин үйрөтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 16 жаштагы тургуну Дастан Уларбеков өз ыктыяры менен элеттеги балдарга англис тилин үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дастан учурда А.Солтонов атындагы орто мектебинде 9-класста окуп жатат. Өзүнүн айтымында, билимдүү адамдарды көбөйтүү үчүн өзүнүн билгенин башкаларга үйрөтөт.

«Алгач компьютерге кызыгуум күч болчу. Аны жакшы өздөштүргөндөн кийин туура пайдаланууну ойлондум. Ошол эле мезгилде англис тилин дагы жакшы билем. Компьютерди колдонуп, англис тилин балдарга үйрөтүүнү чечтим. Апама айтсам макул болуп, ойдогудай шарт болбосо да ыңгайлаштырып берди. Предметтик олимпиадада жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, көптөгөн сыйлык, грамоталарды алгам.

Өзүмдүн билгенимди ичимде катып жүрө бербей, балдарды окутуп келем. Айылда англис тилине кызыккандар абдан көп, белгиленген убакыттан калбай келишет. Бүгүнкү күндө 10дон ашык окуучум бар. Азыр жыйынтык көрсөтүп жатышат. Бул мени эле эмес, балдардын ата-энелерин да сүйүндүрүп жатат. Азырынча сабакты үйдө өтөм», - деди ал.

Дастан сабак өтөрдөн мурун өзү даярданып алат. Окуучуларды топторго бөлүп, айрым учурда алардын ар бирине өзүнчө үйрөтөт. Ал келечекте англис тилчи мугалим болуп, чет өлкөлөргө саякаттоону максат кылат.

Дастандын апасынын айтымында, уулу көп китеп окуйт.

«Балабыздан келечекте көптү күтөбүз. Мыкты педагог болуп чыгарына толук ишенем. Азыркы кезде балдарды окутуп жатат, дагы шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. "Билгенимди балдарга үйрөтөм" деп аракет кылып жатканы бизди кубандырат. Мектепте "5" деген баага окуйт. Окуудан ырахат алат. Акчага карабай окута бер, балдарга тил боюнча жакшы тепкич курап берип койсоң алар билимдүү болсо, баарыбызды жаркын келечек күтөт деп айтып калам», - деди ал.

Дастан 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×