Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусу, Талас 11.04.2019 09:36

Таласта Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаменти жеке ишкананын үстүнөн прокуратурага арыз жазды (сүрөт)

Turmush -  Биздин имараттын аймагын мыйзамсыз казып жатышат. Бул тууралуу Талас облустук жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин жетекчиси Мухаммед Нарбеков билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Мамэкотехинспекцияга жана Талас облустук прокуратурага арыз берилген.

«Соода ишканасы биздин (карта боюнча) департаменттин имаратына тиешелүү аймакта өсүп турган бир нече кара талды өзүм билемдик менен кыйган жана биздин аймакка кирип, экскаватор менен жер казып жатат. Жер кыртышына зыян келтирип, эскертүүгө карабай курулуш иштерин жүргүзүүдө», - деди ал.

Талас облустук регионалдык экологиялык-техникалык коопсуздук бөлүмүнөн билдиришкендей, аталган департаменттен арыз 25-март күнү түшкөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×