Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуТалас району 11.04.2019 11:44

Айыл турмушу: Таластык уста Б.Абдрахманов 5 миң сомдук ээрлерди жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 30 жаштагы тургуну Батырбек Абдрахманов бир топ жылдан бери ээр жасап, устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, устачылык өнөр чоң аталарынан өткөн.

«Менин чоң аталарым чоң усталардан болгон экен. Чоң атам Бүркүт ат жабдыктарын жасаган уста болгон. Ал кишини кичинекей кезимде көрүп калдым. Анын балдарынан эң улуусу менин атам жана эң кичүү баласы уста. Атамдын жолун жолдогон менмин. Мен ошол адамдардын устачылыгын көрүп чоңойдум. Негизи 7-класстан бери устачылык менен алектенип келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жасаган ээрлери 5 миң сомго чейин сатыла тургандыгын кошумчалады.

«Жасаган ээрлеримди 2,5 миң сомдон жана 5 миң сомдон сатам. Орус ээрдин жасалышы оңой болгондуктан 2,5 миң сомдон сатылат. Бир ээр 1 күндө жасалып даяр болот. Ал эми кыргыз ээрди жасоо үчүн 10 күн убакыт керек. Эгер материалдары даяр болсо бир ээр 10 күндө жасалат. Баасы орус ээрдикине караганда кымбат, 5 миң сомдон бааланат. Кээ бир сатып алуучулар акчасынын ордуна кой берет. 2 миң сомго 4 ээрдин материалын сатып алам. Керектүү материалдарды өзүбүздүн эле базардан сатып алам. Жалпы материалга 3 миң сомдун тегерегинде каражат кетет.

Көбүнчө жаз айларында буйрутма түшөт. Анткени жазгы убакта чабандар малын тоого айдап жаткан учур болот. Менден көбүнчө чабандар жана улакчы жигиттер сатып алышат. Ошондой эле Ош, Нарын, Чүй, Жумгал, коңшу Казакстандан да келип алып кетишет. Бирок азыр кыргыз ээрлерди сатып алуучулар аз. Орус ээрди сатып алуучулар көп. Баасы дагы арзан.

Азыркы учурда атам, мен жана атамдын бир тууган иниси үчөөбүз устачылык менен алектенип келебиз. Мал базар учунда базарларга алып чыгып сатабыз. Бир гана ээр жасоо менен эмес, курулуш иштери менен дагы алектенем. Күндүз курулуш иштери менен иштесем, кечкисин үйгө келип устачылыгым менен отурам», - деди ал.

Батырбек уста 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×