Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуТалас району 11.04.2019 13:47

Айыл турмушу: Таластык Жамалбек уста дыйкандардын мол түшүм алуусуна жардам берген «адис» (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 56 жаштагы тургуну Жамалбек Досматов дыйканчылык, устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, техника оңдоп дагы айыл элинин кызматында.

«Айылдык мектепти аяктагандан кийин тракторчу кесибине ээ болдум. Аскердик кызматымды өтөп келип, айдоочулукту окуп бүтүп иштеп алайын десем ошол мезгилде айлыгы аз экен. Трактор айылдагы чарба иштерине керектүү эмеспи деп трактор менен эмгек кыла баштадым. Ал кезде «Жерге-Тал» асыл тукум мал заводу бар болчу. Ошол жерде инженердик кызмат кылдым. Башкы кызматкерлер техниканы мыкты билесиң деп бригадир кылып дайындашты. Алдыңкылардан болуп жакшы иштеп, айдоо, себүү, эгин чабууга дагы жардам берип жүрдүм.

Союз тарагандан кийин Таласка кеттим. 10 жыл Өзбекстан, Казакстанга жүк ташып, айдоочу болуп иштедим. Кайра кичи мекениме келгенде техникага баш-отум менен киришип, темир устачылык иштерди жасап келем. Унаалардын кыймылдаткычтарынан тарта оңдоп, дарбазага чейин жасайм. Жаштайымдан темир-тезекке жакын болуп жүрүп ширетүүчүлүктү өздөштүргөм. Көптөгөн иштерди жасай берем. Мисалга дарбазаны 2 күндө даярдайм.

Бизде төө буурчак эгип, андан пайда көрүп жатпайбызбы. Башкалар төө буурчакты канчалык тереңдикке көмүү керек жана аны кандай кылып себиш керек деген сыяктуу маселелер менен көп кайрылышат. Анткени Талас ичинде жер, аба ырайы айырмаланып турат. Канткенде түшүмү эрте жетилип, аны бышырып алууга болот деген сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Мен алардын сырларын совхоз убагында агрономдор менен аралашып жүрүп билип калгам. Жерди айдап, дан себет экен деп эле тракторго соко байлап, каалагандай айдоого болбойт. Бул жерде физикалык күчтөрдү билүү менен иш жасаш керек. Айтып, көрсөтүп берем, талаасына чейин алып кетишет. Билгенимди аянбай айтып берем. Чөп суюлуп бара жатса аны тырмап коюу тууралуу кеңеш берем. Соко тракторго кошулганда кандай салмакта, сепкич кандай абалда жүрүш керек деген сыяктуу иштерге дагы жардам берем. Тракторго эмне илинсе анын көтөрүү жүк ченемдерин дагы билүү зарыл. Өзүбүздүн жерлерге чөп жана төө буурчак өстүрөбүз. 2 гектар жерден 100 каптан ашык төө буурчак алабыз.

Андан тышкары, сүт багытындагы уйларды багып, мал менен дагы алектенем. Ар бир уй мезгилге жараша күнүнө 20 литрге чейин сүт берет», - деди ал.

Жамалбек уста 5 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×