Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуБакай-Ата району 11.04.2019 14:39

Айыл турмушу: 46 жаштагы А.Исабекова «Баатыр эне» наамын 35 жашында алган (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 46 жаштагы тургуну Айзада Исабекова 35 жашында «Баатыр эне» орденин алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Мирлан Исабеков менен 20 жашында баш кошкон. Учурда экөө 8 баланын ата-энеси.

«Жубайым Айзада экөөбүз бир класста окуганбыз. Окууну аяктаган соң Таластагы айыл чарба техникумунда чогуу окуп калганбыз. Жанында жүрүп, анын кыял-жоруктарына ашык болгом. Үйдө жалгыз уул болгондуктан эрте үйлөндүм. 20 жашыбызда үйлөнгөнбүз. Экөөбүз 8 баланын ата-энеси болдук. Жубайым алгач «Баатыр эне» наамы берилип жаткан чакта эң жаш баатыр эне болуп, 35 жашында алган. Кудайга шүгүр, балдарыбыздын дени сак. 4 кызыбызды турмуш жолуна узаттык. Кыздарыбызды кыргыздын каада-салты менен узаттык. Кызың үйдөн кетсе ичиң ачышып, башкача абалда болот экенсиң. Алгач 41 жашыбызда кудалуу болдук. Кызыбызды турмушка узатканда көпкө ишенбей, бир толкунданып, ойлонуп башкача болгонбуз. Жубайым ата-энемди баккан, мени түшүнгөн жакшы жар.

Өзүм Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик башкаруу бөлүмүн аяктагам. Бакай-Ата айыл аймагынын башчысы болуп иштедим. Азыр Бакай-Ата районунун айыл чарба департаментинин жетекчиси болуп иштейм. Үйдө мал чарба, техника менен алектенем», - деди жолдошу Мирлан Исабеков.

Айзада Исабекова эң кичүү кызы 5-класста окуй тургандыгын кошумчалады.

«Мирлан экөөбүз бир партада отуруп чоңойгонбуз. Мен окууну аяктаган соң медициналык кесиптик окуу жайга баргам. Ал жакка өтпөй калып, айыл чарба техникумуна өттүм. Жолдошум экөөбүз ал жактан кайрадан чогуу окудук. Кичинебизден жакшы сүйлөшчүбүз. Үйдө болгон нерселердин баарын айтып берип, ал мага, мен ага айтып, кеңешип алган жайыбыз бар эле. Буйрук экен, экөөбүз тең эч ким менен сүйлөшпөй, достошпой баш кошконбуз (күлүп).

5 кыз, 3 уулдуу болдук. Алардын баарын чоңойтууда атам менен апамдын салымы чоң болду. Баарын баккан апам болду. Жолдошум жалгыз уул болгондуктан атамдар менен чогуу калдык. Ынтымакта жашап келе жатабыз. Апам экөөбүз алыс кетсек бири-бирибизди сагынабыз. Балдарыбыздын баарына билим бергенге аракет кылып, баарын окуттук. Мен кичинемден медик болгум келчү. Ал максатыма мен жете алган жокмун. Бирок 3 кызыбыз ошол тармакта билим алышты. Эгиз кыздарыбыз турмушка чыккан. Эң кенже балабыз 5-класста окуп жатат», - деди Айзада айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×