Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуТалас району 11.04.2019 15:37 Жаңыланды: 17.06.2019 20:20

Айыл турмушу: Таластык Н.Жуматаев жаш кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 58 жаштагы тургуну Навира Жуматаева көп жылдардан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, токуган буюмдары базар баасында сатылат.

«Чоң апам менен чоң атамдын колунда өскөм. Ал кишилердин тарбиясы курч болуп, кыз кишиге тиешелүү жумуштардын барын алып кетүүгө үйрөткөн. Чоң апам, апам уз кишилер болгон. Илгери көп кийим жана буюмдарды сатып ала беришчү эмес. Баарын колго тигип, токуп же жасап алышкан. Менин чоң апам менен апам дагы жасап жатканда жардам берип жүрүп, кээде кошулуп жасап үйрөнүп алып, кол жөндөмүмдү унутта калтырган жокмун. Турмушка чыкканда жолдошум менен 17 жылча мал менен эмгек кылдык. Ошол күндөн баштап эле тигүүчүлүгүмдү дагы таштабастан, тескерисинче курак курап, көптөгөн төшөнчүлөрдү тигип, өзүмдү камсыздап жүрдүм. Ангор породасындагы эчкилерибиз болгон эле. Азыр андай эчкилерди бакпай калдык. Алардын жүнүнөн жип жасап, буюмдарды токуп, көпчүлүккө белекке берчүмүн. Ал убакта сатат деген түшүнүк жок болчу. Жаш кезден бери эле токуп келем. Узун ийне жана илмек ийне менен кийим-кеченин барын токуйм.

Азыркы кезде дагы неберелериме сатып алып бербестен, токуп берем. Токуганда эс алам, такыр тажабайм. Ал эми куракты заманбап кылып турмушка чыккандан бери курап келем. Илгерки курактар чоң кесиндилерди бириктирүү менен жасалчу. Азыр эми кездеменин түрлөрү жана өңдөрдү дагы көп. Каалагандай кылып курап алууга болот. Биздин убакта колуңда жөндөм болбосо уят деп билчүбүз. Сайма сайып, туш кийиз жасасак, аны себибизге кошуп беришчү.

Токуу үчүн жиптердин түрлөрүн сатып алам. Чермий, байпак токуп сатып, каражат таап алам. Баалары базардыкына окшош. 10 жыл мурун «Асылзат» деген тигүүчүлүк уюм ачкам. Бир топ жыл жакшы иштеп, далай жумуштарды жасап, элге кызмат кылганбыз. Чеберчиликти көп эле кыз-келиндерге үйрөтүп келгем, дагы үйрөтө берем. Үйрөнүп алайын дегендер кайрылып турушат. Кол өнөрчүлүк жерде калбаган кесип десем болот. Жок нерседен бар буюмду чыгарып алсак болот. Эмгектерим көптөгөн көргөзмөлөргө катышып, жакшы орундарга ээ болгон», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×