Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусу, Талас 12.04.2019 13:35

Таласта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 12-апрелде Талас шаарында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага медицина колледжинин студенттери жана жалпы медицина тармагындагы кызматкерлер катышып, 3 км аралыкка чейин чуркашкан. Саамалык жаштарды тамекиден болууга жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду. Ошондой эле волейбол, футбол боюнча мелдештер, аркан тартыш оюндары өттү. Жыйынтыгында мыкты катышуучуларга Талас шаардык ооруканасынан белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×