Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусу, Талас 12.04.2019 12:36 На русском

Таласта травматолог дарыгер Жолдошалы Үркүнбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде Талас шаарында 64 жаштагы травматолог дарыгер Жолдошалы Үркүнбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Талас облустук биргелешкен ооруканасынын эмгек жамааты билдирди.

Кесиптештери маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.

Үркүнбаев

Үркүнбаев Жолдошалы Дүйшөнович 1955-жылы 7-мартта Талас облусунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. 1972-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетине кирген. Окуу жайды 1983-жылы аяктап, дарылоо иши адистигине ээ болгон.

- 1983-жылы Талас райондук борборлоштурулган ооруканасынын травматолог-дарыгери;

- 1996-жылы травматология бөлүмүнүн башчысы;

- 2006-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Көп жылдар бою Талас райондук борборлоштурулган ооруканасынын кесиптик кошуунунун төрагасы болуп иштеген. Талас шаардык кеңешинин 2 жолку депутаты болгон.

Бир нече жолу райондук, облустук мамлекеттик администрациянын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган. 1999-жылы «Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. «Талас шаарынын ардактуу атуулу» наамына ээ болгон.

Дарыгер 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×