Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуКара-Буура району 15.04.2019 15:53

Жаш талант: Кара-бууралык 16 жаштагы Алтынай токуган кийимдер Казакстанга чейин сатылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 16 жаштагы тургуну Алтынай Тынымсейитованын токуган кийимдери Казакстанга чейин сатылууда. Аймактык кабарчы жаш чебер менен таанышты.

Анын айтымында, учурда 10-класста окуйт.

«Колумдан көп нерселерди жасаган келет. 2 жылдан бери кагаздардан сувенирлерди, бисер-мончоктор менен кооздуктарды жасайм. Сүрөт тартып, сайма сайып, ар кандай кийим-кечектерди тигип жатам. Жоолуктарды, кофталарды жана башкаларды токуп жатам. Алгач бир туугандарыма тумак, байпак токуудан баштагам. Ал эмгектерим купулума толуп, эл дагы кызыгып, токуп берүүмдү суранып калышты. Жиптерин ата-энем Бишкектен алып келип беришет. Жакынкы дүкөндөрдөн алууга болот. Бирок алар көбүнчө арзан жана сапатсыз. Токулган нерсе оюмдагыдай чыкпай калат. Тандоого дагы өңдөр аз. Ошондуктан шаардан алдыртам. Жогоруда айтылган буюмдарга буйрутмалар болуп турат. Айыл жергеси болгондуктан баасын белгилеп айтпастан жасап берем. Эмгегиң үчүн деп кардар өзү тыйын беришет. Жакын адамдардын бардыгына белекке берем. Токуган кол эмгектерим Казакстанга сатылып турат. Анткени ал жакта таежелерим бар.

Уколдун ийнеси менен сайма саюу кыйын. Сайма сайып жатып жип чыгып кетет же кездемени туура эмес кылып тешип кетет. Анда кайра баштан иштеп чыгууга туура келет. Бир өңдөгү кыжым кездемеге сайма сайган жакшы. Сүрөт жакшы көрүнөт. Бир олпоктун бетин сайыш үчүн 1 жумачалык убакыт кетип калат. Ар кандай сүрөттөрдү тартып алып, ошону саям. Ак куунун сүрөтүн сайганда жакшы түшөт.

Өзүмдү өзүм кийим менен камсыздап алам (күлүп). Тигүүчү машине менен кийим тигип алам. Келечекте кийим дизайнери болсом деп турам. Карасак, батыштын стилин туурап, кыргыз дизайнерлер дагы кийүүгө ыңгайсыз болгон кийимдерди жаратып жатышат. Мен буйруса биздин салтка ылайыктуу, ыңгайлуу кийимдерди жаратсам дейм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар сүрөттү да жакшы тартат.

«Мектептеги дубал гезиттерге такай сүрөт тартам. Чоң атам сүрөттү мыкты тарткан киши болгон экен. Менин сүрөтчүлүк өнөрүм чоң атамдан өтсө керек. Айылдагы бала бакчадан, мектептен дубалга иле турган кагазга жазуу иштерине буйрутма беришет. Аларды жазып же тартып берем», - деди ал.

Чебер кыздын апасы Бактыгүл айым кызы кичинесинен эле кол өнөрчүлүккө жакын экендигин белгиледи.

«Атасы ээр, өрүктөн комуз чаап, аларга күйгүзүп сүрөттөрдү тартчу. Жумуштарына байланыштуу устачылыгы токтоп калган. Эми кайрадан устачылыкты улантсам деп жүрөт. Мен дагы жөнөкөй жолу менен токуйм. Бирок азыр токуунун дагы жолдору татаалдашып, аягында керемет буюм жаралып жатпайбы. Кызымдын кол эмгекке кызыгуусу аябай чоң. Бисер менен 5-классынан бери гүлдөрдү жасады. Мектепке окуй элек курагында айылдагы камыштардан чайнек койгуч, сумка токуй берчү. Ошондо мен «камыш колуңду кесип кетет» деп урушчумун. Көрсө ошондо эле жөндөмү бар экен. Бир туугандарынын арасынан Алтынайдын жөндөмдүүлүгү бар. Колдон жасалган эмгектерди баалап, жерге таштабайт», - деди ал.

Алтынай үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×