Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуТалас району 16.04.2019 11:32

Тоодогу жалгыздык, кайгы, бакыт: Ырчы Ж.Кыдырбекованын азабы, кубанычы жана таланты (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 53 жаштагы тургуну Жылдызкан Кыдырбекова ырчы катары айыл ичиндеги майрамдык кечелерге катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, бала кезинен бери эле ырчылыкка кызыгат. Талас районунун Сасык-Булак айылынын кызы. Кийин Талды-Булак айылына келин болуп келген. Айыл ичиндеги майрамдар ансыз өтпөйт.

«1984-жылы Талды-Булак айылына келин болуп келдим. Жолдошум экөөбүз 4 кыз, 2 уулдуу болдук. Бирок тагдыр экен, чоңойткон балдарыбыздын жакшылыгын көрөр маалда жолдошум 2 жыл мурун бизди таштап кете берди. Туруктуу деле ишибиз болбогондуктан дүкөн иштетип, мал багып жүрдүк. Жайкысын мал алып жайлоого чыгабыз. Азыр уулум экөөбүз тоодо жашайбыз. Эртеден кечке мал менен алек болобуз. Бош убактымда курут жасап алек болом», - деди ал.

Каарманыбыз башынан өткөргөн кыйынчылыктарын унутуу үчүн ырдап, иш-чараларга катышат.

«Жолдошум ооруп калган учурда аябай кыйналдым. Көзү өтүп кеткенде өзүмдү таштап салгам. Чоң жоготуу абдан кыйынга турду. Бирок оор жашоо менен күн өткөрбөй белимди бекем бууп, жан дүйнөмдү өзүнө келтирейин дедим. Андан мурун эле айыл ичиндеги түзүлгөн «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү болчумун. Кийин баш-отум менен кирип, ырга берилип кеттим десем болот. Негизи бала күнүмдөн эле жакшы ырдачумун. Чоңойгондо ырчы болом деп кыялданчу элем. Турмуш менин кыялымды кеч болсо дагы аткарды (күлүп). Кийин келин болуп келгенде деле кайын журтума ырдап ерчүмүн. Азыр ойлосом жаш экенмин, «ырдап кой» десе каршылыксыз эле ырдап берчүмүн. Азыр иш-чараларга калбай катышам. Айыл ичиндеги майрамдык кечелер менсиз өтпөйт.

Ырдагандан ырахат алам. Башка дүйнөдө жүргөндөй болом. Жан дүйнөм эс алып, жашагым келип, жашарып калам. Көп кыйынчылыктарды унутуп, өзүмдү бактылуу аял катары көрүп калам. «Шайыр апалар» тобундагы айымдарга ыраазычылык билдирем. Алар мага ыр менен жашоону үйрөтүштү. Башымдан өткөн кыйынчылыктар артта калып, үмүт пайда болду. Мындайча айтканда ойгондум десем болот. Көбүнчө тоодо жашайм. Бирок келип ырдашың керек, майрам болот деген күндөрү жолдун алыстыгына карабай келем. Келип ырдап, эс алып, жеңилдеп кетем. Тоодо эч ким жок, жалгызсың, күн өтпөйт. Ошол убакта бугумду чыгарып, үнүмдү бийик чыгарып ырдайм. Элдик ырларга басым жасайм.

Азыр жолдошум көрбөй кеткен жакшылыкты көрүп жатам. Кыздарым өз үй-бүлөсү менен. Алардын сыйын көрүү мен үчүн чоң бакыт. Ошол учурда дагы жанымда шерик болуп, кубанычымды тең бөлүшүп, небере жетелеп жүргөнгө чалым болсо кана деп бир өкүнүп алам», - деди ырчы айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×