Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 22.04.2019 15:22 Жаңыланды: 12.05.2019 12:01

Айыл турмушу: Медайым Г.Субаналиева дарылык касиети бар гүлдөрдү өстүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлмира Субаналиева үйүндө гүлдөрдүн түрүн өстүрөт. Аймактык кабарчы анын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында төрөлгөн.

«30 жылдан бери кызыгуумдун аркасында бөлмөдө жана эшикке өсүүчү гүлдөрдүн ар кандай түстөрүнөн өстүрөм. Бүгүнкү күндө гүлдүн 50дөн ашык түрү бар. Кышкысын буларды койгонго жер аздык кылгандыктан сатып же белекке берип коём. Көбүнчө жаңы тамга киргендерге жакшы гүлдөрдөн арнап берем. Кайра жаздан баштап өстүрүп, көбөйтүүгө өтөм. Мен декоративдик жана кооздук берип гүл ачкандарына кызыгам. Негизи уруктарды, көчөттөрүн Таластан сатып алам.

Булар дагы ооруп калат. Анда ошол ооруга карата дарыларын берем. Азыркы кезде гүл багуунун сырларын интернеттен окуп турам. Токойдон топурак, кык алып келип, аларды үй шартында дарылап алам. Анткени курт-кумурскалар көп болгондон кийин алар каптап, гүлдү жүдөтүп салышы мүмкүн.

Молочай, аглаонема, женское счастье, азалия, антуриум, бегония, абутилон, герань, лаванда, гиацинт, алоказия жана башка түрлөрү бар. Эми нарцисс, андан кийин пион, хризантема, гиоргина, роза гүлдөрүм гүлдөп, кышка чейин гүл жыттанып турат. 3 чоң бөлмө гүлдү бириктирип 1000 сомго чейин сатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Бакай-Ата ооруканасында 34 жылдан бери медайым болуп иштеп келе жатат.

«Жашыл дүйнөгө жакын болгонум кесибим менен дагы байланыштуу. Дарылык касиетке ээ болгон жүз жылдык (алоэ), тирүү дарак, коллизия деген гүлдөрүм бар. Жүз жылдык гайморитти басат, муундарга жакшы. Жалбырагынан кесип алып мурунга тамчылатып гайморитти кетирсек болот. Аракка ачытып, 7 күн караңгы жерге коюп, муундарга сүйкөсө жакшы. Бал менен аралаштырып, жөтөлгө пайланса жакшы натыйжа берет. Сансевьера деген гүлдүн жалбырагын инфекциялык ооруларга биринчи жардам катарында колдонсок болот. Жалбырагын майдалап, үстүнө муздак суу куюп, 3 жума муздаткычта кармап, 2 жума чоң кашык менен эртең менен ичет. Каланхое варикозго жана иммунитетти көтөрүүгө жардамчы. Каллизия болсо ашказан, ириңдеген жаракаттарга, күйүккө пайдасы чоң.

Буларга кичинекей балага мамиле жасагандай көңүл бурам. Үйдө болгондо дээрлик күндөрүм жашыл өсүмдүктөр менен өтөт. Жолдошум «менден дагы гүлдөрүңдү жакшы көрөсүң» деп айтып калат (күлүп)», - деди ал.

Гүлмира айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×