Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 30.04.2019 15:56

Таластагы дыйкандарга 17 миң долларга Түркиядан төө буурчактын жаңы сорту алынып келет

Фасоль
Фасоль

Turmush -  Бакай-Ата районунда жайгашкан Кыргыз мамлекеттик сорт сыноо аянтына Түркиянын Конья шаарынан төө буурчак алынып келип, өстүрүлөт. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов билдирди.

«Төө буурчактын лопатка түрүнүн жаңы элита сортун биздин шартта өстүрүп көрүү үчүн фонддордун бири тарабынан 17 миң доллар бөлүнгөн. Учурда бир фирма утту (тендерди). Ал Түркиянын Конья шаарынан 5 тонна жаңы сорттогу төө буурчак алып келет. Ал биздин аймактагы мамлекеттик сорт сыноо участогунда 50 гектар жерге өстүрүлөт. Түшүмүн алган соң ал дыйкандарга жаңы урук катары рыноктун баасы менен сатыкка чыгат», - деди аким.

Ч.Төрөкулов буга катар эле 17 миң долларга бардык чыгымдар дагы киргенин айтып, 1 кг төө буурчак 200 сомго алынып жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×