Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 03.05.2019 12:04

Таласта мыйзамсыз жол менен 29 тонна дизель майын алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Turmush -  Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 29 тонна күйүүчү-майлоочу май табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «MАN» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Ташылып келе жаткан дизель майы документте башка мунайзат катары көрсөтүлгөн.

Жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө шектелип Кыргызстандын 1986-жылы туулган жараны А.Ж. кармалды. Ал жүгү менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×