Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 05.05.2019 15:34

Таласта окуучулар арасында шахмат боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 4-майда Талас районунун Арал айылындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча облустук турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Эльвира Тилекова билдирди.

Анын айтымында, оюнга жалпысынан 30 окуучу катышты. Жыйынтыгында Талас шаарынын командасы алдыңкы орунга ээ болду. Жеңишке ээ болгон окуучуларга грамоталар жана ар бир катышуучуга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×