Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 05.05.2019 16:40 На русском

Азия чемпиону болгон балбан Үзүр Жузупбековду айылдаштары ат мингизип тосуп алышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-майда Талас районунун Жоон-Арык айылында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгон Үзүр Жузупбековду айылдаштары ат мингизип тосуп алышты. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Максат Кутманалиев билдирди.

Анын айтымында, балбан 97 кг чейинкилер арасында күч сынашты.

«Айылдын 1999-жылкы балдарынан баштап, 1966-жылкы байкелерибизге чейин биригип каражат топтоп, айылыбыздан чыккан балбан Үзүр Жусупбековду ат мингизип тосуп алдык», - деди ал.

Үзүр Жузупбеков Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун уулу.

Ү.Жузупбеков буга чейин 28-апрелде Кытайда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын байге тагынып, Азия чемпиону болгон. Финалдык бөлүктө Өзбекстандын балбаны менен күч сынашып, 1 упай алдыга чыккан. Спортчуларынын арасынан Айсулуу Тыныбекова алтынга жетип, Азиянын 3 жолку чемпиону болгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×