Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуКара-Буура району 07.05.2019 13:46 На русском

Таласта чагылган тийген адамдын денеси күйүп, ооруканага түштү. Сүрөт

Turmush -  2-майда Кара-Буура районунун Кара-Сай айылында 49 жаштагы Н.М. аттуу жашоочуга чагылган тийип, ооруканага түштү. Бул тууралуу Кара-Буура райондук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Улан Бийгелдиев билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу ооруканага саат 20:55 чамасында жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын колу-буту, денесинин бир жак капталы күйүп калган. Азыркы учурда хирургия бөлүмүнө которулду. Абалы туруктуу, акыл-эси жакшы жана айтылган инструкцияларды аткарып жатат. Тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ал эми Н.М. өзү койлорду айдап бара жатканда чагылган тийгендигин айткан. Чагылган тийген учурда колунда кол чатыр болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×