Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 08.05.2019 09:13

Орус-япон согушу, Владивосток, Галина, орус кайын эне: Кыргызстандагы бир сүйүүнүн тарыхы. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 84 жаштагы тургуну Байтемиров Жумабек ата менен жубайы Урунбаева Галина апа 57 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жумабек ата: Мен ушул Жоон-Арык айылында өстүм. 1954-жылы Кырк-Казык орто мектебин аяктагам. 1959-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан мамлекеттик университетинин география факультетине окууга баргам. Ал жакты 1964-жылы аяктадым. Галина менен студент кезимде тааныштым. Биз ал кезде сейилдөөгө парктарга барчубуз.

Бир күнү ошол парктан бир татынакай, европалык түспөлдөгү сулуу кызга жолугуп калдым. Ал кыз кыргыз тилин тим эле суудай так сүйлөйт экен. Шайыр, сулуу, менин оюмдагыдай кыз экен. Жолукканда эсте кала тургандай кылып, көңүлүн алганга көп аракет кылдым. Ошол кезде жубайым кулинардык курсту бүтүп, нан бышырган жерде иштеп жүрүптүр. «Мен сени жактырып калдым, турмуш курууга кандай карайсың?» деп колун сурагам. Ал кезде «сүйүп калдым» деп айта алган эмеспиз. «Ойлонуп көрөйүн, ата-энем менен кеңешейин» деп жооп берген. Ошентип 1962-жылы баш кошконбуз.

Кайын журтум Чүй облусунун Кант шаарынан да өйдө Боз-Бармак деген жерде турушат экен. Атасы 1940-жылы аскерге чакырылып, чыгышка кеткен экен. Ошол жерде орус-япон согушуна катышыптыр. Владивостоктон орус кызына үйлөнүп, кыздуу болуптур. Ошол кыз менин жубайым. Андан соң 1944-жылы кайын иним туулган экен. Ошол жылы Кыргызстанга келип, туугандарына орус кызына үйлөнгөнүн, 1 уул, 1 кыздуу болгонун айтат экен. Ата-энеси «алып кел» деп иниси экөөнү жөнөтөт. Алар барып, үй-бүлөсүн Чүйгө көчүрүп келген экен.

Жубайым мага 7 кыз, 4 уул төрөп берди. Өмүр бою жубайымды биринчи көргөндөй эле жакшы көрдүм. Жашообуз кандай болбосун ар дайым жанымда колдоп жүрдү. Мен география сабагынан мугалим болуп 45 жыл иштедим. Бир катар сыйлыктарды алып, «Эл агартуунун отличниги» болдум. 2002-жылдан 2018-жылга чейин айылда аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеп келдим. Азыр дагы ал жерде мүчөмүн.

Галина апа: Апам орус элинин кызы, атам кыргыз. Биз Владивостокто согуш маалында төрөлүп, иним экөөбүз келген экенбиз. Апам ислам динин кабыл алып, 10 бала төрөгөн. Апам жаңы келгенде көп кыйынчылыкка туш болгонун айтчу. Ал эми мен чоң апа, чоң атам менен жашап өстүм. Абышкам мага караганда орусчаны жакшы сүйлөйт (күлүп). Бир туугандарымдын баары кыргыздарга эле тийип, кыргыздан келин алышты.

Жолдошум жалгыз уул. Мен жаңы келгенде айыл ичинде «жалгыз апасына орус келин алып келиптир» деп дуу болгон экен. Мен көшөгөдө отурсам мага айылдын аксакал кемпирлери келип, «ай кызым, ата-энең барбы, кайдан болосуң?» деп улам суроо берип жатышкан. Мен такылдап жооп берип коем. Бул жумуш кыла алабы деп атайын сынап келген апаларыбыз болгон. Кийин айылдын мыкты келиндеринен болуп чыга келдим. Өңү-түсүмдөн гана айырма болбосо мен кыргыздын эле кызымын да. Кийин баягы мени сынаган апалар чайга келгенде күлүп, «башында жумуш кыла албайт го, кантет экен» дегенбиз деп жүрүштү.

Жолдошум Калинин колхозунда мугалим болуп 10 жыл иштеди. Жаңы көчүп барганыбызда 2 балалуу болуп калганбыз. Мектептегилер да «агайдын аялы орус экен» деп аябай карашчу. Ал жакта тамекиде да, саанчы болуп да иштеп калдым. Баары менен курдаш болуп, 10 жыл жакшы жашадык. Кайын энем 104 жашка чыкканда менин колумдан кетти. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Балдарды өз ордуларына койгонбуз. Учурда 50дөн ашык небере-чөбөрө көрдүк.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×