Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 08.05.2019 12:40 На русском

Өлүп, сасып кеткен селсаяк, базардын курулушу: Таластагы апалардын даттануусу, мэриянын жообу

Turmush -  Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүндөгү №63 үйдүн (4 кабаттуу үй) жашоочулары имараттын жер төлөсүндө селсаяктар жашап алышканын жана үйдүн балдар ойноочу аянтынын жер тилкесине базар курулуп баштаганын айтып даттанышууда.

Аталган үйдүн тургуну Акымбекова Какан апанын айтымында, алардан мэрия кабар албай жатат.

«Бул үйдө кары-картаңдар көп жашайт. Жер төлөсүн селсаяктар үй кылып алышты. Тынбай кирип чыгышат. Өткөн жылы бул жерде бир селсаяк өлүп калыптыр. Сасып, курттап кеткенде алып кетишти. Жашообузга ыңгайсыздык көп жаралат. Биздин арызыбызды мэрия же губернатор карабай жатат. Мэрия бир дагы жолу келип сурап койгон жок», - деди ал.

Ошол эле үйдүн дагы бир тургуну Сайракан Шабданованын айтымында, курулуп жаткан базар балдар ойноочу аянтка 3 метр кирип кеткен.

«2 күндөн бери ондогон жашоочулар бул жерде жүрүп жаткан курулушка каршы болуп чыгып жатабыз. Биздин үйдүн алдындагы балдар аянтчасынын жер тилкесине кирип кетишип, жемиш саткан базар курабыз деп казып салышты. Архитектурадан барып тактаганыбызда 3 метр кирип кеткен экен. Бул жер мурун кир жууган жер болчу. Андан бери каралбай бош турган. Балдар аянтчасынын ордунда убактылуу гараждар турат. Биздин аянтча курабыз деген планыбыз бар. Ээлери эгер балдар аянтчасын курабыз десек бул жерден гараждар алынат дешти», - деди ал.

Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев бул маселелерди атайын комиссия карай тургандыгын билдирди.

«Ал үйдүн жашоочуларынын каты 2 күн мурун эле түшкөн. Биз комиссия түзүп, териштирүү иштерин жүргүзөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×