Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 08.05.2019 15:28 На русском

Николай атанын көз жашы, чиновниктер: Таластагы 5 ардагерди куттукташты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аларды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков баш болгон чиновниктер куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Алар биринчи эле 102 жаштагы Шатманов Шаабай атаны куттукташты. Андан соң Афанасий Щербовго, Николай Золинге, Владимир Некрытовго, Далгатбек Султановго барышты.

Шаабай ата согушта бир пулеметту жок кылганын айтып берди. Ал эми Николай ата согуштагы өткөн күндөрүн эскерип жатып ыйлап жиберди.

Кийинчерээк ардагерлерге атайын акчалардан тышкары мэриядан 5000 сомдон берилгени айтылды.

Аталган маалымат Turmush басылмасына чыккандан кийин социалдык тармактарда чиновниктердин ардагердин үйүнө бут кийимчен киришкендиги нааразычылыктарды жаратты. Андан кийин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев элден кечирим сурады.

«Бүгүн Талас шаарында жашаган 5 ардагерди Жеңиш күнү менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен бирдикте куттуктаганбыз. Бардык ардагерлердин үйүнө бүт кийимибизди чечип эле киргенбиз. Ардагер Владимир Некрытовдун уулу бут кийимибизди чечип жатсак “ чечпей эле койгула” деп чечтирбей киргизген. Кандай болгон күндө да бут кийимчен ардагердин үйүнө кирип барганым үчүн эң биринчи кезекте Ардагер Некрытов Владимир Ивановичтен ошондой эле жалпы кыргызстандыктардан кечирим сурайм», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×