Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 09.05.2019 10:22 Жаңыланды: 09.05.2019 12:38 На русском

Таласта Улуу Жеңиш майрамына карата параддар өтүп, ардагерлер сыйланды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-май — Жеңиш майрамы Талас шаарында салтанаттуу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Талас шаардык аскер комиссариатында ардагерлерге аскердик ботко берилди. Андан соң «Баатырлар» паркында согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, куран окутулуп, митинг-реквием өттү.

Талас облусунда бүгүнкү күндө согуштун 16 ардагери бар.

Андан кийин Талас шаарынын борбордук аянтында парад өттү. Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн атайын операцияга даярдалган тобу аскердик даярдыктарын көрсөтүштү. Парадга аталарды «УАЗ» унаалары менен алып келишти. Иш-чарага 5 миңге жакын адам катышты.

Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылындагы майрамдык салтанат Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.

Акимдин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, Уулу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына куран окутулду. Жеңишке арналып жасалган эстеликке гүл коюлуп, парад өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, окуучулар катышты. Салтанат концерттик программа менен коштолду.

Бүгүн спорттук мелдештер да өтөт. Ал үчүн акимчилик 10 миң сом, мекемелер 16 миң сом жана Кара-Буура өкмөтү 10 миң сом бөлүп берди.

Аманбаев айыл өкмөтүндөгү жалгыз ардагер Турдалиев Бардан аксакалга 10 миң сом, Венгер согушунун катышуучусу Накешов Чонотай ардагерге 6 миң сом берилди. Бакыян айылындагы ардагер Арстанбеков Араке атага да 6 миң сом тапшырылды.

Бакай-Ата районунда дагы Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аким Чолпон Асылбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бакай-Ата району боюнча согуштун 3 ардагери бар. Салтанатта Жеңишке арналып тургузулган эстеликке гулчамбарлар коюлуп, Өчпөс оттун жанында согушта курман болгондорго куран окутулду. Андан соң жөө жүрүш уюштурулду.

Ал эми Манас районунда Жеңиш майрамына карата салтанат кечээ, 8-майда өттү. Манас районунун борбору Покровка айылында парад өткөрүлүп, майрамдын чоң бөлүгү «Интернационал жоокерлер» паркында улантылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, аксакалдарга сый тамак берилди. Акимчилик, айыл өкмөт жана демөөрчүлөр тарабынан согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×