Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 10.05.2019 17:05 На русском

Улуу жеңишке 74 жыл: Башына тийген октон аман калган Дмитрий ата

Turmush -  12 жашында Курск облусун Германия басып алганда жаракат алып, тирүү калган Дмитрий Елфимов Талас шаарында жашап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз учурда 89 жашта.

«Мен Курск облусунун Касторенск районунда туулгам. Учурда 89 жаштамын. 1941-жылы 23-октябрь күнү Курскту Германия басып алганда мен 12 жаштагы бала элем. Алар биздин Косторенск районунун бардык жерин учтуу тор менен тосуп салышкан. Баарыбызды топтоп өздөрүнүн талаптарын айтышкан. Баш тарткандарды дароо эле чекесинен атып жатышты. Корккон калк алардын айткандарын жасачубуз. Чуңкур казып, отун жарып, суу ташып көп жумуш аткарчубуз. Бир жолу биз жашаган аймакта көп адамды атып салышты. Алардын арасында мен дагы бар элем. Башыма жаракат алгам. Элес-булас билем. Баары тынчып, бир аял келип, тирүү экен деп эле көтөрүп кетишти. Мына, аман-эсен 89 жашка чыгып олтурам. Ойлосом мени эрте таап алып, аман алып калышкан экен», - деди ал.

Дмитрий Елфимов Ч.Түлебердиевдин эрдигин айтып өттү.

«1942-жылы Воронеж фронту бошотуу аракеттерин баштаган. Мына ошондо Чолпонбай Түлебердиев бизди бошоткон. Биздин аймакка советтик аскерлер такыр өтө албай коюшкан. Ошондо Ч.Түлөбердиев окко төшүн тосуп, бир нече аскер өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берген экен. Андан кийин гана аскерлер киргенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин Косторенск районун 1943-жылы бошотушкан. Ал кезде мен 13 жашта элем. Теңтуш балдарым болуп бука бакчубуз. Ошентип согуш аяктаганга чейин бука баккам. 1950-жылы аскерге чакырылып, 3 жыл 8 ай кызмат кылгам. Аскерден келген соң шахтада иштегем. Иштеп жүргөндө 10 жылдык мектепти түнкүсүн окуп бүтүргөм.

Тажикстанда 10 жыл шахтада иштедим. Ал кезде шахтада 20 жыл иштесең пенсияга чыгарышчу. 1964-жылы жумуш издеп Кыргызстанга келдим. Биринчи Чолпон-Атада иштедим, андан соң Таласка келип курулуш тармагында көп жыл иштедим. Жалпы 63 жыл тынымсыз эмгектендим. Жубайым менен Тажикстанда үйлөнгөм. Чогуу Кыргызстанга келип, 53 жыл жашадык. Кант диабети менен ооручу эле, каза болуп калды», - деди ал.

Учурда анын 1 уул, 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×