Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 11.05.2019 13:24 На русском

Таластагы алтын кенде 4 ай мурун жоголгон жумушчунун жансыз денеси табылды

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Шыралжын кенинин 4 ай мурун жоголгон кызматкери Рамис Тотоновдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маркумдун айылдаштары билдиришти.

Маалым болгондой, ал 10-май күнү малчылар тарабынан табылган.

Ал эми Талас ОИИБдин маалыматына караганда, Р.Тотонов ушул жылдын 6-февралынан бери изделип жаткан.

«Кыргызстан айылынын 1979-жылы туулган К.А. аттуу тургуну тоодо жылкы карап жүрүп, белгисиз жарандын жансыз денеси жатканын көрүп, милицияга кабарлаган. Маалыматты текшерүү үчүн ОИИБдин башчысы А.Жумабеков өздүк курам менен чогуу чыгышкан. Шыралжын тоосунун Бастырма коктусунда болжол менен 2000 метр бийиктикте бадалдардын арасынан адамдын сөөгүн табышкан. Ал ушул жылдын 6-февралынан бери изделип жаткан Рамис Тотоновдун сөөгү экендиги такталып жана аны бир тууганы тааныган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча ал кар калың жааган жакта калып, тоңуп каза болгон. Кар эригенде 2 метрдей жерге сүрүлүп түшкөндө малчылар көрүшкөн. Бул факты боюнча тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда», - деп билдиришти ОИИБден.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 6-февралда Рамис Тотоновдун туугандары дайынсыз болуп, изделип жаткандыгын билдиришкен.

Алардын айтымында, Рамис 2019-жылдын 31-январында саат 18:30 чамасында Бакай-Ата районунда «Глобал Ширалжын Майнинг» ЖЧКсы иштеп жаткан алтын кенине барып, ал жерден белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков Рамис Тотоновду милициянын 130 кызматкери күчөтүлгөн режимде издеп жаткандыгын билдирген болчу.

Кийинчерээк Бакай-Ата районунун Оро, 1-Май, Кыргызстан айылдарынын айрым тургундары чогулуп, жоголгон кызматкер табылгыча Шыралжын кенинин ишин токтотууну талап кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×