Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 11.05.2019 15:46

Таласта «Маданият сенден башталат» аттуу фестиваль өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 11-майда Талас шаарында «Маданият сенден башталат» деп аталган балдардын искусство фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана облус аймагынан келген 4 миңге жакын адам катышууда.

Фестивалдын алкагында түрдүү кароо-сынактар уюштурулуп, таланттуу өспүрүмдөр өз өнөрлөрүн тартуулашты. Балдар үчүн ар түрдүү багыттагы мастер-класстар көрсөтүлүп, Талас шаарынын борборунда 30га жакын ийримдер иштеп жатат. Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде бий, Талас шаардык баатырлар паркында кыргыздын улуттук оюндары боюнча мастер-класстар өтүп жатат.

Иш-чарада Талас районунун акиминин орун басары Динара Баялиева топ таш оюнун балдарга үйрөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×