Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 14.05.2019 08:34

Погончон айым: 13 жыл тергөөчү болуп иштеген Б.Турусбекова балдарын унаада уктаткан учурлар болгон (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Бактыгүл Турусбекова 13 жыл тергөөчү болуп иштеген. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Атам да погончон адам

Мен мектепти аяктаган соң Чүй университетинин юридикалык факультетинде билим алгам. 2002-жылы окууну аяктаган соң, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө тергөөчү болуп киргем. Бул кесипти тандаганыма өзүмдүн атам түрткү болгон. Ал дагы погончон адам. Бир тууган иним дагы милицияда иштеп жатат. Өзүбүз Талас шаарында жашасак дагы окууну жаңы аяктап келгенде атайын алыскы райондо иштейм дегем. Эртең менен жумушка жетүү кыйынчылыгы бар эле. Ошол кезде Бакай-Ата районуна бир гана маршрут каттаган мезгил болчу. Эртең мененкисин бир эле саатта чыгып кетчү. Көп жолу жумушка убагында жете албай, жолдо ыйлаган учурлар болгон. Азыр ошол кезди эстеп күлүп калам.

Биздин иште эркек, аял деп бөлүнүү болбойт

Бакай-Ата РИИБде 1 жыл иштеген соң Талас облустук ички иштер бөлүмүнө которулгам. Биринчи эле кыйын ишке такшалсаң калганы оңой болуп калат экен. Ошентип тергөө бөлүмүндө жалпы 13 жыл иштедим. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2 жыл иштедим. 2017-жылдын май айынан бери Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө кадрлар жана кесиптик даярдоо бөлүмүндө ага тескөөчү болуп иштеп жатам.

Негизи аялзатына милицияда иштөө кыйын. Бирок биздин кызматта эркек, аял деп бөлүнбөйт. Узак убакыт тергөөдө иштеп, ага тергөөчү болуп, экономикалык, ошондой эле резонанс жараткан иштерди тергедим.

Тааныш адамдардын ишин тергеген учурлар болот

Тергөөчүнүн бир милдети — окуя болгон жерге ыкчам топ менен баруу. Унаа кырсыктар, сууга чөккөн адамдар, тоңуп каза болгондор жана башка көп окуяларды көрөсүң. Кээде каза болгон адамдарды унаага салып алып келген учурлар болот. Сууга чөккөндөрдү чыгарууда тартып жардам бересиң. Түндө кырсык катталса таңга чейин ошол жерде кылмыштын белгилерин издөө иштеринде болосуң. Унаа кырсыктардан жаракат алгандардын бети-башы таанылбай калганда да өздүгүн тактоо керек болот. Кээде жакын туугандарың кырсыкка кабылып калат. Эртеси күнү өздүгү такталганда тааныган адамың болуп калат. Ыйлап, үйгө кетип калганга болбойт. Ичиң ачышып турса дагы ишти тергеп, аягына чыгарасың. Убакыттын өтүшү менен жумуштагы нерселерди жумушка таштаганды үйрөндүм. Жумушта темирдей тартип, ал эми үйдө балдарым үчүн назик, жумшак энемин.

Балдарымды түндө да жумушка ала барып, унаада уктаткан учурлар болду

Балдарым азыр 6-4-класста окушат. Кичинекей учурунда ата-энем каралашып, жардам беришти.

Бир жолу жайында кызым ооруп калып, өзүм карап калгам. Таңга маал жумуштан чакыруу болуп калды. Кызымдын улам дене табы көтөрүлүп жаткан. Аны өзүм менен алып кете албай, нөөмөттө отурган кызматкердин жардамчысынан: «Кызымдын жанында бир аз отуруп тур» деп сурандым. Ал макул болуп келди. Таңга маал сууктан улам ал бала бушлатчан (калың кийим) келиптир. Аны каратып коюп кетип калдым. Барсак оор кылмыш экен, көбүрөөк жүрүп калдык. Ошентип мен келгенче саат 8:00 болуп кетти. Үйдүн эшигин ачсам эле үй ысык. Айнектен күн тийген маал. Кирсем ал бала бушлатчан тердеп отурат. «Чечинип албайт белең, эмнеге минтип отурасың?» десем, «Кызыңыз сиз кеткенде эле ойгонуп алган. Мен кыймылдасам эле жаман көзү менен карап, ыйлап жатат. Кызыңыз ыйлабасын деп, керек болсо чечинбей отурам» деген. Ошондо кызым 2 жашта болчу. Баягы бала кызымды көргөндө, «мени тердеткен кызыңыз» деп күлүп калат. Балдарымды чакырууга кошо алып чыгып, чоң жууркандарга ороп, унаада уктаткан күндөр болду.

Погончон айым 1 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×