Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 13.05.2019 16:54

Таласта окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү сынагы» өттү

Turmush -  Бүгүн, 13-майда Талас шаарында окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү сынагы» өттү. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, сынакка 4 район, 1 шаардан келген 5 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Кара-Буура районунун А.Умарбеков атындагы орто мектебинин «Алга» командасы ээ болду. Аталган команда 18-майда боло турган республикалык сынакка жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×