Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 17:38 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык балбан Дамирбек кыргыз күрөш боюнча Азиянын чемпиону (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 22 жаштагы тургуну Турсунбек уулу Дамирбек 6 жылдан бери кыргыз күрөшү боюнча машыгып, ийгиликтерди жарата баштады. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Анын айтымында, 2017-жылы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону болууга жетишкен.

«6 жылдан бери спорт менен жашайм. Менин спортко болгон кызыгуумду Абдиев Замирбек аттуу акем ойготкон. Ал өзү дагы көп мелдештерге чыгып, байгелүү орундарга ээ болуп келген. Мени дагы көп жактарга ээрчитип барып жүрдү. Мындайча айтканда ошол адам күрөшүп калуума себеп болгон. Акемдин арты менен кыргыз күрөшүнө катышып, бир катар ийгиликтерди багындырып, Азия чемпиону болууга да жетиштим. Учурда 55-60 кг чейинки салмакта күрөшөм. Күрөштө ар кандай кыйынчылыктар бар. Көбүнчө салмак таштап, салмак кошуудан кыйналасың. Салмак ташташ үчүн ченеми менен өтө жеңил тамактарды ичем. Ал эми салмак кошууда камыр тамактарды эле жей берген болбойт. Анын да өзүнчө ченеми бар.

Килем үстүндөгү мелдеш учурунда ар кандай сезимдер болот. Кээ биринде аябай толкундануу болот. Бирок сени колдоп, сенден жеңишти күтүп жаткан адамдарды эстегенде болгон күчүңдү жумшап, атаандашыңды жеңүүгө аракет кыласың. Кыргыз күрөшүндө кур менен күрөшөбүз. Эң негизгиси колду курдан чыгарбай, эреже менен күрөшсөң эле жеңишке ээ болосуң. Ийгилик дайыма эле сага жылмайып бербейт. Бирде утуласаң, бирде утасың. Ошол нерсенин баарына даяр турушуң керек. Бүгүн жеңишке ээ болуп, мен кыйынмын дегендерден эмесмин. Эртеңки оюнда кандай жыйынтык көрсөтө турганым белгисиз. Утулганда жаман болом. Бирок өзүмдү «башыңды ылдый каратпа, бекем бол, кийинки оюнда сөзсүз жеңишке жетесиң» деп алаксытам. Ал эми жеңишке ээ болгон учурларда башкача сезим болот. Аны сөз менен жеткирүү кыйын.

Машыктыруучум Азамат Осмонбеков агайым менен сыймыктанам. Мага жол көрсөтүп, ийгиликке жетишиме чоң себепчи болгон ошол агайым. Келечекте экөөбүз мындан дагы бийиктикти багындырабыз деген ниеттемин.

Айыл ичинде өспүрүм балбандар менен сыймыктанам. Залдан тырышып, машыгып жатканын көрөм. Мен дагы колдон келген жардамымды берип, жол көрсөтсөм дейм. Ата-энем мени менен сыймыктанат (күлүп ). Алардын үмүтүн актоо үчүн болгон күчүмдү жумшайм», - деди ал.

Дамирбек балбан үй-бүлөдө 8 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×