Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 14.05.2019 09:46

Жубайлар: Орозбек ата Зуура апага алгач жолукканда сөз таба албай тайсалдаган (сүрөт)

Орозбек ата менен Зуура апа
Орозбек ата менен Зуура апа

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылындагы 94 жаштагы Самсиев Орозбек ата менен 82 жаштагы Жумабаева Зуура апа 64 жылдан бери бирге жашап келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Орозбек ата: Мен 1926-жылы ушул Кара-Суу айылында төрөлгөм. Ата-энем кайтыш болуп кетип, агаларымдын колунда чоңойдум. Кийин мал доктордун окуусун бүтүп, колхоздо иштей баштадым. Өзүм бала күнүмдөн эле малга жакын болуп чоңойдум. Мал доктурлук кесипти дагы өзүм каалап окугам. Алгач өзүбүздүн Кара-Суу айылында иштеп баштагам. Кийин өкмөт бөлгөн колхоздорго барып иштеп жүрдүм. 29 жашымда өкмөттүн буйругу менен Ленин колхозуна бөлүндүм. Ал жерде мал-жандыктын көп бөлүгүн уйлар түзөт. Тегерегибизде уйчулар көп болчу. Жашым 29да, үй-бүлө куруу керек деген толгонуунун үстүндө жүргөн кезим. Ал учурда жубайым Зуура 18 жаштагы бойго жеткен кыз эле. Алар дагы үй-бүлөсү менен уй кайтарууга чыгышат. Өзү тиричиликке тың, ата-эненин айтканынан чыкпаган акылдуу кыз. Бүт үй жумуштары анын мойнунда болгонуна карабай билим алып дагы жетишип келет. Бул кызды кантип өзүмө көңүл бурдуртсам болот деп көп ойлонуп жүрдүм.

Ошондой күндөрдүн биринде уйларды карап жатсам Зуура дагы бир иштери менен сарайга келип калган экен. Аны көрүп эле бир кызыктай боло түштүм. Уйду дагы карагым келбей, анын жанына акырын басып бардым. Кантип сөз баштарымды билбей эле «кандай, окуулар жакшыбы?» деп сурадым. Акырын эле жылмайып, «жакшы, өзүңүздө?» деп кайра мага суроолуу карады. Ошол учурда сүйлөйүн десем же сөз таппайм. «Бул жакка эмнеге келдиң эле?» десем, «апам жиберген» деп эле бурулуп басып кетти. «Жүрү, үйгө чейин узатып коёюн» деп мен дагы артынан жөнөдүм. Ошентип мамилебиз жакшы боло баштады. Баягыдай уялбай, шыр сүйлөшүп калдык. Экөөбүз жакшы тил табышып калганыбызда Зууранын ата-энесинин алдынан өтүп, баш кошконбуз. Ал күнү түшкө чейин Зууранын үйүндө кыз узатуу тоюн өткөрүп, түштөн кийин кызды атка мингизип үйдөн алып чыкканбыз. Биз жашаган айылга кеч күүгүмдө жеттик. Зуура мен ойлогондон да мыкты болуп, бири-бирибизди сыйлашып өмүр сүрдүк.

Зуура апа: Биздин баш кошуп, бир үй-бүлө болгонубузга быйыл 64 жылдын жүзү болду. Ушундай узак жыл аралыгында турмуштун кайгысын, жакшы күндөрүн бир-бирибизди түшүнүү менен басып өттүк. Мен келин болуп, улуу абысынымдын колуна келдим. Өзүбүзчө орун-очок алганча алар менен бирге турдук. Жолдошум 1-2 айлап жумуштар менен кетет. Мен жалгыз калып жаттым. Өзүмдүн эркек бир туугандарым аскерге кеткен бойдон келбей калышкан. Ошондон уламбы апам бизди «эркек кишини сыйлап, ага өйдө карап сүйлөбө» деп тарбиялаган. Апамдын тарбиясы менен мен дагы жолдошумду сыйлап, ага өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасайт элем. Ал башка колхоздорго кеткенде үйдөгү тиричиликти бүтүрүп, тосуп алчумун.

Кийин удаа 2 балалуу болдук. Бирөөнү жетелеп, экинчисин көтөрүп алып мен дагы тамекиде иштеп жүрдүм. «Орозбек келе жатат» деп укканда 2 баламды алып, айылдын башынан тосуп алабыз. Кайра жумушка кеткенде ошол жерге чейин узатып барчубуз. Атабыз жокто үйүбүз бош болуп, аңгырап калчу. Кошо ээрчип кетели десек бир жерге орун алып жашаш керек болду.

Кудайым бизге 15 бала берди. Бергенин кайра алат экен, 2 балам жашында чарчап калып, тирүүнүн өлүгүндөй эле күн кечирип жүрдүм. Баланын күйүтү ата-энени жеп коёт экен. Ыйлагандан башка эч нерсе кыла албай калдык. Кийин дагы балдарым үй-бүлө күтүп, бала көрүп калганда 3 баламды жерге бердим. Ал күндөрдү эстесем ичимден кан жүрүп кетчүдөй болот. Балдарым жок болсо дагы алардын балдарын көрүп, кичине жүрөгүм жылый түшөт. «Баланын туулганына эмес турганына кубан» деп бекер айтышпаптыр да. Азыр кудайга шүгүр, ордолуу шаар болуп отурабыз. Кичүү балам Ынтымак менен келиним Кенженин колунда карылыктын бактылуу күндөрүн кечирип жатабыз.

Жубайлар 13 уул-кыздын, 36 неберенин, 42 чөбөрөнүн ата-энеси.

Жубайлардын тун уулу Уран мырза: Атам менен апам абдан мээнеткеч. Ар бир баласын адал эмгек менен жашаганга үйрөткөн чынчыл кишилер. Атам ыр жазган акын киши. Жакында эле «Сталбек баатыр баяны» аттуу ыр китеби жарык көрдү. Апам болсо ар бир ишти жөнгө салып турган акылдуу аял деп айтсам болот. Мен ушундай үй-бүлөдө тарбия алып чоңойгонума сыймыктанам.

Келини Күмүшкан айым:Мен бул үй-бүлөгө келин болуп келгенден эле апамдан эч бир жаман нерсе көргөн жокмун. Келиндерин өз кызындай кабыл алып, батасын берип отурат. Апам өзү чебер аял. Шырдак шырып, оюм ойгонду апамдан үйрөнгөм. Ушул күнгө чейин апамдын төшөктөрүн жүккө жыйып, кадырлап сактап келем. Биз бул чоң үйгө бат-бат эле келип турабыз. 2 күн эле келбей калсаң атам менен апам издеп калышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×