Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 14.05.2019 15:20 На русском

Айыл турмушу: Таластык жубайлар алма бак өстүрүп, 7 гектар жерде төө буурчак эгип, 100дөн ашык кой багууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылындагы жубайлар — 59 жаштагы Абжалбек Жуманалиев менен 57 жаштагы Мира Изабаева дыйканчылык менен алектенишет. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

«Мен кесибим боюнча инженер-механикмин. Айыл чарба институтун бүтүргөм. 1984-жылдан баштап союз тараганга чейин колхоздо инженер болуп иштедим. Союз тараган соң абдан кризис болгон. Элде эч нерсе жок кез эле. 1995-жылдан баштап бак тиге баштагам. Учурда 3 түрдүү алма бар. 3 түрү жаздан баштап 3 мезгилде бышат. Жылына 15-20 тонна түшүм болот. Быйыл 1 кг 15 сомдон жогору саттык. Жылда эскире баштаган алманы жаңыртып жатабыз. Жерге бир нерсе тигип, жакшы баксаң кошумча киреше болот», - деди Абжалбек Жуманалиев.

Жубайынын айтымында, кесиби боюнча мугалим. Жоон-Арык айылындагы орто мектепте 35 жылдан бери химия мугалими, 19 жылдан бери директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келет.

«Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга 35 жыл болду. Ошондон бери эле мектепте химия мугалими болуп иштеп келем. Союз тараган соң жолдошум өзүбүздүн чарбаны түптөп, мал бага баштады. Мен колуна кол, бутуна бут болуп жардам бердим. Учурда бир гана мектептин айлыгын карап отурбастан негизги киреше булагы ушул чарбалар болууда. Жашылча-жемиш, кулпунай өзүбүздөн чыгат. Кошумча киреше катары уйдун сүтүн сатабыз. 7 гектар жерде төө буурчак өстүрөбүз. 100дөн ашык кой багабыз. 1 гектардан ашык жерде алма багыбыз бар. Ушунун баарын жолдошум түптөгөн.

2 уул, 1 кызыбыз бар. Аларды да абдан эмгекке тарбияладык десем болот. Бир дагы жумуштан качышпайт», - деди ал.

Жубайлар 2 неберелүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×