Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 15.05.2019 11:39

Жубайлар: Таластагы Каналбек ата Базарбүбү апаны алганда экөө 2 жыл качып, айылда жашашкан эмес (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун жоон-Арык айылынын 79 жаштагы тургуну Кыштообаев Каналбек ата менен 69 жаштагы Кыштообаева Базарбүбү апа экөө баш кошкондо 2 жыл качып, айылда жашашкан эмес. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Каналбек ата: 4-классты бүткөн соң окубай калгам. 1961-жылы аскерге кетип, 3 жыл кызматымды өтөп келгем. Аскерден келген соң 1965-жылдан баштап колхоздо трактор айдап иштеп жүрдүм. Ошол кезде жубайымды көрүп жүрчүмүн. Мектепке өткөндө атайын көрөм деп жолдо турар элем. Ошол жылдары эмгек табели берилип, элдин жашоосу оңолуп жаткан кез болчу. Мага дагы үйлөнө турган кез келип калган. Жолдош балдарымды чогултуп алып эле «үйлөнөм, ушул кызды ала качабыз» дедим. Жеңеси менен сүйлөшүп, ал кызды алып чыгып бере турган болду. Ошол кезде жубайымдын атасы колхоздо кароолчу болуп иштечү. Кызын түндө алып келе турган болгонубузда ал киши түндө уктабайт. Бир чети корктук. Баягы жасанып келишкен дос балдарымды терекке чыгартып, теректин үстүнөн аңдытып, атасы кеткенче күткөнбүз. Андан соң жеңеси чыгарып берип, жубайымды мотоцикл менен үйгө алып келгем. Жанына жеңеси чемоданын кошо салып берген. Мотоциклден чемоданы түшүп калыптыр. Анын ичинде балеткалары, атыры болгон экен. Эртеси айылдаштарыбыз аркасынан жеткирип берген эле.

Кудайга шүгүр, жубайым экөөбүз ынтымактуу жашап келебиз.

Базарбүбү апа: Жолдошума баш кошкондо мен 9-класста окуп жаткан кыз болчумун. Булар достору менен үйгө келип калды. «Жөн эле сүйлөшүп турабыз, сага тийбейбиз» деген. Ал учурда жолдошум айылдаш бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Мен ортомчу болуп, экөөнүн сүйлөшкөнүн билип, катташтырып жаткам. Ала качкан күнү «ошол кыз кайда экенин билип берчи» деп келген. Мен эч нерсе ойдо жок эле чоң көлөчтү кийип чыккам. Көрсө булар жеңем менен менин сыртымдан сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Мотоцикл менен алып келишкен. Баягы чоң көлөчтөрүм жолдо калып калыптыр. Үйгө бут кийимим жок келгеним эсимде. Келип отургандан кийин жарым сааттан кийин эле «Сенин артыңдан кууп келгени жатышат. Сот алып кетет» деп ызы-чуу болгон. Көрсө ата-энем «кызыбыз жаш, милицияга беребиз» деп айтышыптыр. Кайра эле мени унаага салып Таласка алып кетишти. Ал жерден түндөп Бишкекке кеттик. Ошондо бир эжебиз окуу жайда директор болуп иштечү. «Жашы жетпейт экен, окутуш керек»деп мени техникумда окуп жатат деген тактама алып берип коюшуптур. Аны деле билбейм. Ошентип качып, ал жакта 1 жыл жүрдүк. Айылга эс алуу болду деп алып келип, кайра окуу башталды деп алып кетип жатты. Андан кийинки жылы дагы жашы жете элек деп милиция текшерип, дагы 1 жыл башка кайын эжемдикинде жашаганбыз. Ошентип мени алам деп жолдошум 2 жыл качып жүрүп азап тарткан (күлүп).

Келгенимде кайын эне, кайын атамдар кары кишилер экен. «Кагылайын кызым, караганым сенсиң, урушпай-талашпай жакшы жашагыла» деп айтты. Ал киши мен ойгонгончо нанды бышырып, уйду саап, тамак даярдап койчу эле. Балдарды өзү багып калып, мени тамекиге иштетчү. Көрсө үйдө отурганда буулугуп кетет, эл менен жүрүп иштеп келсин дечү экен. Кайын энем мага абдан жакшы карады. Кайын атам экөө тең үйдө келин болгонуна, кичинекей бала болгонуна сүйүнүшчү экен. Жолдошум дагы мени аябай жакшы карады. Азыр келин алып, кыз узатып, чоң бүлө болуп отурабыз. Чогуу жашаганыбызга 54 жылдан ашты.

Жубайлар 2 кыз, 3 уул, 15 небере жана 6 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×