Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 19.05.2019 19:32 На русском

Армандуу балалык… Сириядагы кыргызстандык кичинекей балдардын сүрөттөрү

Turmush -  Сириядагы согушка кеткен уул-кыздарын, бир туугандарын кайтарып келүү үчүн жардам сурагандар экинчи ирет президентке, өкмөткө кат жазышты. Алар бул жолу кат менен чогуу жакындарынын сүрөттөрүн жиберишти.

«Элет көйгөйү» коомдук бирикмесининин өкүлү Марипа Алыкулованын билдиргенине караганда, Сириядагы кыргызстандыктар оор шарттарда кармалып жатышат.

«Биз экинчи жолу кайрадан президентибизге кат жолдоп жатабыз. Бизге жеткен маалымат боюнча Сирияда + 60 градус ысык болуп, кичинекей балдар кыйналып жатыптыр. Чоң чатырлардын үстү күнгө күйүп, дары-дармектердин, тамак-аштын жоктугуна байланыштуу кичинекей балдардын арасында көп жоготуулар болуп башталгандыгы кабарланууда.

Бул маселени тез арада чечип, энелүү балдарды өлкөгө кайтарып беришсе деген илгери үмүтүбүз менен кайрылып жатабыз. Балдарда эмне күнөө! Коомчулуктан Сирияга кеткен эне-балдарды кечирип, аларды туура кабыл алууну өтүнөт элек. Алардын көбү алданып баргандары белгилүү.

2019-жылдын 2-майында бизге кайрылгандардын арызынын негизинде Сирияга кеткен 200дөн ашык жарандарды аныктап чыктык. Анын ичинде 60ка жакын аялдар жана 150гө жакын балдар бар экен. Бизге президентибиз көңүл буруп, жардам берет деген ишеничтебиз», - деди ал.

Буга чейин да Сирияга кеткендердин жакындары президентке, өкмөткө кат жазып, аларды кайтарып келүү үчүн жардам сурашкан эле.

Энелердин жана балдардын сүрөттөрү алардын Кыргызстандагы жакындарынын уруксаты менен жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×