Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуНарын району 19.05.2019 10:00 На русском

Сүрөт — Он-Арча суусуна аккан Нурила балык көрүү үчүн барган. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы кыз курдаштары менен балык көрүү үчүн аталган жерге барган.

Жеңеси Айгүл Калиеванын айтымында, Нурила бала бакчага барчу.

“Апасы Элиза дагы бала бакчада иштейт. Экөө чогуу үйгө келишиптир. Нурила бала эмеспи, күндөгүдөй эшикке ойногону чыгып кетиптир. Өзү теңдүү беш-алты кошуна кыздар жана балдар менен балык көрүү үчүн сууга барышыптыр. Ал жактан Нуриланын бут кийими сууга агып кетиптир. Аны кармайм деп Нурила өзү түшүп кетиптир. Жанындагылар кичинекей да “Нурила” деп кыйкырып туруп калышыптыр. Алардын жүрөктөрү түшүп, эмне кыларын билбей тура беришиптир. Ошол жакка бир айылдагы жаш бала атын тушаганы барып калыптыр. Ал балага айтышыптыр. Бирок кызды таппай калыптыр. Аталган баладан сурасак, “чуркап баргыча эле эч нерсе көрүнбөй, таппай калдык” деди. Жалпы айылдыктар суу жээктерин карап, таппай жатабыз. Балким коркуп бир жерде отурабы деп түнү менен издедик. Азыр деле айылдаштар кийинки башка айылдарга чейин барып издеп жатышат.

Апасынын абалы начар, жаман абалда. Атасы дагы издеп жүрөт. Мындай окуя айылыбызда биринчи жолу болуп жатат. Мындай болуп кетерин деле билген жокпуз”, - дейт жеңеси Айгүл Калиева.

Нарын ОИИБден билдиришкендей, 2019-жылдын 17-майында саат 20:38 чамаларында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Миң-Булак айылындагы кичинекей кыз Он-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Ал жерден Нарын районунун Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган тургуну С.Нурила Он-Арча суусунун жанында ойноп жүрүп, бут кийимин түшүрүп алгандыгы жана аны алам деп жатып сууга агып кеткендиги маалым болгон. Алгач анын сууга түшүп кеткендиги боюнча кабарды Нуриланын жанында ойноп жүргөн 2011-жылы туулган А.А., 2013-жылы туулган А.Э., 2011-жылы туулган Т.Х. 2016-жылы туулган А.У. Миң-Булак айылынын тургуну С.Э.ге билдиришкен.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда суунун жээгинен Нурилага таандык ачык кызыл түстөгү бут кийимдери табылган.

«Учурда Нуриланын өзү табыла элек. Аны издөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жаштагы кыз түшүп кеткендигин 18-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, 17-майда куткаруучуларга аталган сууга 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 18-май күнү издөө иштерин улантуу максатында 16 куткаруучу, милиция кызматкерлери, кошумча жергиликтүү тургундар тартылган.

«Мындан тышкары министрликтен кошумча суучулдар тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×