Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 24.05.2019 09:46 Жаңыланды: 07.06.2019 22:46 На русском

Айыл турмушу: Таластык Д.Базаркулованын үйүнө киргендер токойго келгендей болот (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 49 жаштагы тургуну Динара Базаркулова 20 жылдан бери гүл өстүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун Кочкор районунун кызы. Учурда мектептин китепканасында иштейт.

«20 жылдан бери үй шартында гүлдөрдүн 40ка жакын түрүн өстүрүп келем. Гүлдөрдүн санын дагы көбөйткөм. Жумуштан келгенден кийин гүлдөрүмдү карап эс алып калам. Үйдө жолдошум экөөбүз эле турабыз, балдарыбыз шаарда. Жумуштан келип, гүлдөр менен алектенем, аларды карап эс алам, сүйлөшөм.

Эң биринчи гүлдөрдү Бишкектен алып келгем. Ар кимден алып келип өстүргөм. Азыркы убакта Казакстандан алдыртып өстүрүп жатам. Көпчүлүгүн Казакстандан алып келгем. Өзүмө жаккан гүлдөрдү көрсөм ошол эле замат сатып алам. Үйүмө кирип келе жатканда гүлдөрүмө жүгүнүп кирем. Гүлдөрдүн ар кимиси менен сүйлөшөм. «Кандай жатасыңар?» деп сурайм, баарын жыттайм (күлүп). Гүлгө жакын болгондуктан, суу куюп жатканда дагы алар менен сүйлөшө берем. «Силер жакшы болгула, жакшы өскүлө, силер дагы кудай жараткан жансыңар» деп сүйлөшөм.

Ар бир гүл ар кандай шартта өсөт. Кээ бир гүлдөр музыканы жактырат. Ошондуктан радионун жанына коюп коем. Кээ бири таза абаны жактырат, аларды эшик жакка коём. Жолдошум дагы гүлдү жакшы көрөт. Үйгө бирөө келсе мактанып калат. Үйгө келгендер «үйүңөр токой го» десе, жолдошум «сонун гүлдөрү бар» деп мактанып алат.

Мен гүлдөрдү өзүм үчүн өстүрөм, сатпайм. Эл көчөт алып кетишсе жаман көрөм. Үйгө келгендерге «көчөт албайсыңар, гүлүмө тийишпегиле» деп айтып отурам. Антпесе гүлдөрүм ооруп калат», - деди ал.

Динара айым 5 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×