Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуМанас району 28.05.2019 09:00 На русском

Чек ара кызматына 20 жыл: А.Көкүмбаева 10 жылдан бери мекен сакчыларынын курсагын тойгузуп келет (сүрөт)

Turmush -  43 жаштагы Адаш Көкүмбаева 11 жылдан бери Талас районунун Көк-Ой айылындагы аскер бөлүктө ашпозчу болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кызыл-Туу айылынын кызы. Кесиби боюнча ашпозчу.

«2008-жылы Таластагы №2029 аскер бөлүгүнө кызматчы катарында чакырылгам. Ошентип аскер бөлүктүн ашканасында иштеп калдым. 2010-жылы ант берип, аскер бөлүктүн кызматкери болуп иштей баштадым. Ошондон бери ашпозчулук кызматта иштеп келе жатам. Учурда материалдык камсыздоо ротасынын чарбалык взводунун жоокерлер ашканасынын башчысы, ашпозчу-нускоочу прапорщикмин. Бул жылдар аралыгында аскерлердин жашоосу аябай эле оңолду. Мен ишке жаңы келген жылдары балдар эшиктен суу ташып келишчү. Чоң-чоң 100 литрлик идиштер менен кайра сууну эшикке ташып, төгүп келишчү. Кийимдери бирине жетсе, бирине жетпей, жыртык бут кийимдер менен жүрүшчү. Мага аскерлер үйдө жүргөндөй эле көрүнчү. 10 жыл аралыгында балдар үчүн көп жакшы шарттар түзүлдү. Төшөнчүлөрү жаңы, жаткан жерлери таза. Кийимдери жыл сайын берилип жатат. Жыртык бут кийим менен жүргөн баланы дээрлик көрбөйсүң. Ашканада дагы эт үзүлбөй жакшы болду. Тамактарга дагы өзгөртүүлөр кирип, кыйла жакшырды. Эртең менен каша, майы менен чай беребиз. Түшкү тамагы биринчи, экинчи болуп, салат менен берилет. Кечки тамактанууда картошка пюре менен балык консервасын жешет. Анан такай компот ичишет.

Ар бир жылы жаңы аскерлер келет. Аларды аскер ашканасына үйрөтөбүз. Балдар көнгөнчө «апамдын нанын сагындым, апамдын тамагын сагындым» дешет. Ар ким ичип бүткөн соң өзүнүн идишин жууп кетишет. Ошондо «Үйгө барганда сөзсүз апама жардам берем. Отун жар десе укпай кетип калчу элем» деген балдар болот. 1 жыл аралыгында аларга апасындай эле болуп каласың. Айтор, аскерден көптөрү эле ата-эненин баркын билип кетишет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Чек ара кызматына жаңы келгенимде 4 кыздын апасы болчумун. Ушул жерде иштеп, кыздарымды жалгыз чоңойттум. Улуу кызым турмушка чыгып, бүгүнкү күндө 2 баланын таенеси болдум. Андан кийинки кызым 21 жашта. Менин жолумду жолдоп ашпозчу болду. 2 кызым мектепте окушат», - деди Адаш айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×