Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 28.05.2019 12:32

Жаш талант: 14 жаштагы А.Анаркулова бисер менен кооздуктарды жасайт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 14 жаштагы тургуну Адияна Анаркулова буйрутма алып, бисерден ар кандай кооздуктарды жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 8-классты аяктады.

«Сабактан бош учурумдун баарын кол өнөрчүлүккө арнайм десем болот. 6-классымда интернеттен көрүп, бисерден гүлдөрдү токуп үйрөнгөм. Анан чачка таккычтарды, колго билериктерди жасап баштадым. Ар бир нерсени интернеттен көргөнүң менен чектелбей, өзүңдүн оюңдан да элементтер кошулат. Мен билериктерди буйрутма берген кыздардын ысымдарын кошуп жасай баштадым. Ошондо буйрутмалар абдан көбөйдү. Бисерден токулган буюмдарды 100 сомдон 300 сомго чейин алышат. Андан тышкары гофрокагаздардан гүлдөрдү жасайм. Алардын материалдарынын сапатына жараша сатылат. Кагаз гүлдөргө апа деген жазууну кошуп, 8-март жана Энелер күнүндө көп жасадым. Алар 400-500 сомдон сатылды. Башында үй-бүлөм колдоп, «сен жасасаң эле сонун болуп калат» дешип, сураган материалдардын баарын сатып берип колдошкон. Келечекте кандай адистикте иштесем дагы кол өнөрчүлүктү катар алып жүрсөм дейм», - деди ал.

Чебер кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×