Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуКара-Буура району 30.05.2019 09:12 На русском

Экинчи нике, балдардын таарынычы, бактылуу карылык: Жумабай ата менен Марипа апанын турмушу. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 78 жаштагы тургуну Орунбеков Жумабек ата менен 59 жаштагы жубайы Абдиева Марипа апа экөө экинчи жолу турмуш курушуп, азыр уул-кыздарынын урмат-сыйын көрүп жатышат. Марипа апа Turmush басылмасына өздөрүнүн таржымалын айтып берди.

Биринчи жолдошум 27 жыл мурда каза болуп калды

Өзүм Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында төрөлгөм. Менин биринчи турмушумдан 2 уул, 1 кызым бар. Жолдошумдун биринчи турмушунан 3 кыз, 4 уулу бар. Биринчи жолдошум 1956-жылкы болчу. Өмүр бою таксист болуп иштеди. Унаа кырсыкка кабылып, бир бөйрөгү жабыркап, 1992-жылы каза болду. Ал учурда улуу балам 8-классты бүтүп жаткан. Ошондон бери балдарымды жалгыз тарбиялап, окутуп-чокуттум. Кемпир-чал (кайын журту) бөлөк жашаса дагы үйгө келип, балдарды каралашчу. Ошолордун аркасы менен балдарымды окуттум. Ал убакта турмуш куруу оюмда болгон эмес. Балам мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдан окутуп, 2 дипломдуу кылдым. Андан кийин кичүүсү окуду. 2-3 жыл өтпөй кызым окуп баштады. Балдарым окуусун аяктап, шаарда иштеп жүрүштү. Азыр баары үй-жайлуу.

Жолдошумдун биринчи байбичесинин көзү өтүп кеткен

Жумабек 7 баланын атасы. Жубайы экөө көп жыл айылда киномеханик болуп иштешкен экен. Жолдошум «Чыңгыз акемдин (Чыңгыз Айтматов) көрсөтмөсү менен киномеханиктин окуусун бүткөм» деп айтып калат. Келинчеги дагы ошол окууну бүтүп, сертификат алышкан экен. Бул кишинин «Отличник киномеханик» деген төш белгиси бар. Жубайы экөө 7 баланы тарбиялап, үй-жайлуу кылышкан. Жубайы 1999-жылы каза болгон экен. Жашоодо эркек кишиге үйлөнүүгө туура келет.

Шекерге келгениме 16 жыл болду

Экөөбүз 2003-жылы турмуш курганбыз. Азыр 10 баланын ата-энесибиз. Жумабек таксист болуп иштейт экен. Ошентип жүрүп таанышып калганбыз. Андан кийин бул киши мени сураштырып жүрүптүр. Мен да ал убакта базарда иштечүмүн. Акемдей мамиле жасачумун. Учурашса учурашып койчумун. Ошентип жашоо-турмушун айтып берди. Балдарынын баары шаарда турушат экен. Кыздары турмушка чыгып кетиптир. Ойлонуп көрүп, анын баш кошуу сунушун туура көрдүм.

Негизи аял киши жалгыз болсо жүрө берет. Ал эми эркек киши жалгыз үй-бүлөнү алып кете албайт эмеспи. Бир чети эри жок аял дегенге капа болчумун. Өзүм жалгыздыктан коркком. Балдарымдын алды үйлөнүп, андан кийинкиси үйлөнө элек, кызым турмушка чыга элек болчу. Ушуларга өгөй ата болсо дагы куда-сөөккө атадай, кудадай болуп барсын дедим. Анын үстүнө турмуштагы жалгыз бой аялды көп кадырлай беришпейт эмеспи. Жалгыз барган дагы кыйын. Бала-чакага ата болуп калсын, акыл-насаатын айткан бирөө болсун деген ой болду. Мунун дагы колунда кызы бар экен. Кызга, балдарына дагы эне ордуна эне болоюн деп, баарын ойлондум. Анан оюмду туура көрүп, жалгыз бой болбой турмушка чыгып кеттим.

Балдарым таарынып жүрдү

Балдарым турмуш курганымды алгач туура эмес кабыл алды. Азыр тескерисинче рахматтарын айтышат. Улуу балам башында учурашпай, туура эмес кабыл алып жүрдү. Аны түшүндүм. Бирок ошого карабастан жолдошум экөөбүз бара бердик. Балам 1 жылча учурашпай жүрдү. Азыр болсо «Апа, сиздин аркаңызда атасы жок деле жашабадыкбы. Андан көрө атасы бар дегенге эмне жетсин» дешет. Азыр жолдошум үйлөрүнө барса бирөөсү төшөгүн салып, дагы бирөөсү сыналгысын коюп берип, «аке кайсы каналга коюп берейин» деп сыйлап турушат.

Жаңы турмуш курганда уялып да жүрдүм

Элдин сүрү да бар. Жаңы турмуш куруп келгенде эрге тийип алгандан кийин да уялабы деп өзүмдү өзүм кубаттап, сооротуп жүрдүм. Бир чети апамдар дагы «эми бул кишини жакшылап кара» деп айтышты. Азыр кудайга шүгүр, Шекерде ортон колдой байбичелерден болом. Бирок башында бир аз уялдым. Айылга келип, элге сиңип кетиш оор нерсе. Эми сиңип кеттим деп ойлойм. Төрөп түшпөсөм дагы там-таштарын чогуу бүтүрүп, бала-чакадан эч нерсе сурабай жашап жатабыз. Ошол жакшы. Сыйлашабыз, кээде талаага суу сугарып дагы чогуу чыгып кетчүбүз. Жолдошум баёо киши. Өтө майда-чүйдөгө көңүл бөлбөйт. Экинчи жашоодо көптөгөн нерсе болот. Баарын көтөрө билиш керек деп ойлойм.

Балдарыбызды жакшы көрөм

Азыр бул киши пенсияда, айылда кадыр-барктуу киши. Биз болсо элден кем калбай, бала-чакадан сурабай жашап келе жатабыз. Менде 3 бала, бул кишиде 7 бала бар. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарыбызды өзүмдүн балдарымдан да артык көрүп кетем. Буларды шаардан келе жатат десе төшөктөрүмдү күнгө жайып калам. Балдарыбыздын баары үй-жайлуу. Ар биринин өздөрүнүн бизнестери бар. Азыр бир келиним бар. Кээде бир жактарга кеткенде үйдү келиниме таштап кетем.

Жолдошум немистей киши

Жолдошум менден 18 жаш улуу. Бир чети кайра улуу кишиге турмушка чыкканым жакшы дейм. Экинчи жашоо деген кыйын нерсе. Өткөн-кеткен китептердин барактары ачылып, кайра ажырашып жаткандар көп, көрүп жатпайбызбы. Мен болсо бул кишиге баш кошконума сыймыктанам. Баарын туура түшүнөт. Жашоо деген баракталып окулган китеп экен. Баракты кайра артка ачпайсың, бирок кылчайып карайт экенсиң. Кызгануулар, туура эмес түшүнүү болгон жок. Жоро-жолдоштору, кайын журту болобу баарын тең алып жүргөнгө аракет кылам. Өзүмдү күчтүү аял дебейм, бирок бир нерсе болордо биринчи ал адамдын ордуна өзүмдү коюп, кылчактап иш кылам.

Жолдошум орустай киши, бир чети немистей киши. Убак-сааты менен жумуш кылып, убак-сааты менен тамак ичебиз. Учурда жолдошум экөөбүз үйдөбүз. 6-7 гектар жерибиз бар, дыйканчылык менен алекпиз. Эшик алдында 50 сотых алма багыбыз бар, аны карайбыз. Мен үйдө кожойкемин, небере багам.

Жубайлар 10 бала, 23 небере, 2 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×