Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 29.05.2019 15:30

Бакай-Атанын Түйтө айылындагы бөбөктөр бала бакча менен коштошту

Turmush -  Бүгүн, 29-майда Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы «Керемет көч» бала бакчасында «Кош бол, бала бакчам» аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Жайна Батыркулова билдирди.

Анын айтымында, иштеп баштаганына 2,5 жыл болгон мекемедеги 3 тайпада 78 бала тарбияланып жатат. Быйыл биринчи жолу коштошуу кечеси уюштурулду. Балдар эми даярдоо классындагы 480 сааттык программаны мектептен окушат. Быйыл бала бакчаны 27 бала бүтүп чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×