Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 30.05.2019 17:47

Бакай-Атада жер маселеси боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлери айыпталып, нааразычылык акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 30-майда Бакай-Ата районунда нааразычылык акция өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты Райкан Молдалиеванын айтымында, бул акция фонддун кайра бөлүштүрүү жерлерине байланыштуу уюштурулду. 2013-жылдан бери фонддун кайра бөлүштүрүү жерлеринен 116 гектар жер такталбай, анын натыйжасында 7 жыл ичинде салыкка 1,6 млн сом киреше түшпөй калган. Андыктан айыл өкмөттүн жер адистеринин ишине нааразычылыктар бар.

«Митингди уюштуруумдун бир канча себеби бар. Мисалы көптөгөн үй-бүлөлөр жер ала албай келет. Анткени кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин үлүшү айыл өкмөттүн жана жер адистеринин билимсиздигинен чечилбей келет. 10-июнунда жер жетишпей жаткан жарандарды топтоп, аларга отчёт берип, жерлерин бөлүп берсе жакшы болмок», - деди ал.

Депутат айым алдыда айыл өкмөттө 11 күн убакыт берип, эл алдында отчёт берсин деген талабын койду.

«2 жыл мурун жер адиси Кубан Бердалиевге такталбаган жерлерди аныкташканга жардам берсин деп Жаныбек Кубатовду кошуп берип, атайын бюджеттен айлык караганбыз. Эгерде 10-июнга чейин ал эл алдында отчёт бербесе анын бардык алган айлыктары бюджетке кайтарылсын. Өздөрүнө тийиштүү болгон кызматтарын аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков кетсин. Ошондой эле мен койгон талаптардын аткарылышын акимибиз Чолпонкул Төрөкулов жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнөм. Эгер алдыда ушундай эле көрүнүш улана берсе президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Каржы полициясына кайрылам», - деди ал.

Айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков аталган айыптоо негизсиз экендигин белгиледи.

«Тынчтык митингдин өткөрүү боюнча бизге кайрылуу түшкөн. Бул митинг тууралуу райондук администрация жана милиция кабардар болгон. Уюштуруучулар биздин жер адистерибизге нааразычылыктар болууда деп жатат. Мен 2017-жылы айыл өкмөт болуп келгенде 20 жылдан бери үлүш ала албаган жарандарыбыз бар экен. Азыр алардын жерлерин таап берип жатабыз. Азыркы кезде 84 гектар жерди аныктап, таап чыктык. Андыктан «айыл өкмөт жана жер адистери иштебейт» деген айыптоо негизсиз», - деди Доулбеков.

Ал эми район акими Чолпонкул Төрөкулов жер маселеси мурдатан бар экендигин айтты.

«Мен бул жерде эч кандай айыл өкмөтү күнөөлүү дебейм. Анын айыл өкмөт болгонуна 2 жыл болду. Ал эми жер маселеси илгертен бар», - деди ал.

Аталган акцияга 30га жакын адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×