Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 08.06.2019 21:40

Айыл турмушу: Бакай-аталык Г.Айтмырзаева 15 жылдан бери жүндөн чокойлорду жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 55 жаштагы тургуну Гүлжамал Айтмырзаева кийизден 3 миң сомдук чокойлорду жасап сатууда. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Бала-Саруу айылынын кызы. Кийин Ак-Дөбө айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча мугалим. Бирок бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип жүрүп пенсияга чыккан.

«Кол өнөрчүлүк менен 15 жылдан бери алектенип келе жатам. Кыз бир туугандарыбыздан төртөөбүз кол өнөрчүлүк менен иштейбиз. Мен кол өнөрчүлүктү бир тууган эжемден үйрөнгөм. Ал убакта эжемдерге атайын Швецариядан келген адамдар кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жүрүшкөн экен. Мен үйүнө барып калганда мага үйрөтчү. Башынан бери эле жүн менен иштейм. Жүндөн атайын жайкы, күзгү болуп бөлүнгөн чокойлорду жасайм. Жайкы чокойлорду июнь айынан сентябрь айына чейин жасайм. Жасаган чокойлорду Ысык-Көлгө берип жиберем. Ал жактан эжемдер сатып беришет.

Жайында атайын Нарын шаарынан 1 кг жүндү 100 сомдон сатып алам. 5 миң сомго 1 сезонго жетчү жүн алам. Ал эми күзүндө кийилүүчү чокойлорду кара жүндөн жасайм. Кара жүндү өзүбүздүн эле айылыбыздагы чабандардын сатып алам. Кара жүндүн дагы жакшылары болот. Мал жайлоодо жүргөн убакта кыркылган таза жүндү пайдаланган жакшы. Чокойлор дагы сапаттуу болуп жасалат.

Чокойлордун кымбаттары 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин бааланат. Ал эми кара жүндөн жасалган чокойду 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин сатам. Базар сайын мал базарга алып чыгып сатып келем. Алуучулар көп, кызыгып кармалап кеткендер дагы көп болот.

Бул ишим менен жайы-кышы эмгектенип келем. Менде эс алуу жок. Жайында жайкы чокойлорду жасасам, күз айынан баштап жаз айына чейин кышкы чокойлорду жасоо менен алектенем. Айыл ичинде жаш-карысынан бери кийип жүрүшөт. Жүндөн жасалган чокойлор бутту жылуу алып жүрөт. Ал эми жайкысын салкын», - деди ал.

Гүлжамал айым 5 баланын энеси. Алдыда жүн иштетүүчү цех ачууну пландап жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×