Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуКара-Буура району 31.05.2019 13:06

Таласта меринос койлорду өстүрүүнүн сырларын үйрөтүп жатышат. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Кара-Буура районундагы М.Лущихин атындагы асыл тукум кой өстүрүү заводунда семинар өтүп жатат.

Аталган заводдун жетекчиси Досболот Кошалиевдин айтымында, учурда 5788 баш кой бар. Быйыл былтыркы жылдан 278 башка көбөйдү. Ар бир кой 4-4,5 кг жүн берет. Тубар койдун орто салмагы 50-60 кг чыкса, кочкорлору 100 кг чейин жетет.

«1 кг жүндү 300 сомдон сатчубуз.Быйыл жүндүн баасы канча боло турганын билбейбиз. Биз өзүбүздү өзүбүз камсыздап, асыл тукум кыргыз тоо мериносунун тукумун кармап отурабыз», - деди ал.

Жумабаев Дүйшөн аксакал дагы бүгүнкү семинарга Баткен облусунун Кадамжай районунан келген. Ал Баткенде меринос тукумундагы кой дээрлик жокко эсе экендигин айтты.

«Мен жылкы чарба менен алектенем. Баткенде мал базардан меринос тукумундагы кочкор 50 миң сомго сатылып жатканын көрүп таң калдым. Изилдеп көрсөм жүнү кымбат, эти баалуу кой экен. Бүгүн семинарга ушул койду терең изилдөө үчүн келдим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×