Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусу, Талас 07.06.2019 09:32

Таластын тургуну мунайды мыйзамсыз ташуу схемасын уюштурган

ГСМ, контрабанда,
ГСМ, контрабанда,

Turmush -  Таластагы «Чоң-Капка унаа жолу» көзөмөл пунктунан күйүүчү майды мыйзамсыз жүктөп бара жаткандар кармалды. Ыкчам текшерүү иштерин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн.

Комитеттин басма сөз кызматынын малыматы боюнча, 2 оор жүк ташуучу унаа текшерилип, андан АИ-92 үлгүсүндөгү 3,2 тонна бензин чыкты.

«Бул мунай салык төлөмдөр төлөнбөстөн мыйзамсыз сатылмак. Мунай заттарын ушундай мыйзамсыз ташуу схемасын Талас шаарынын жашоочусу Б.Т. уюштурганы аныкталды. Ал 2018-жылдан бери ташылган мунай заттарын облустун аймагында мыйзамдаштыруу жана өлкөнүн түштүк региондоруна жөнөтүү максатында Талас шаарында май куюучу бекетин ижарага алган», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул кылмышка катышкан адамдарды тактоо жана ушул сыяктуу каналдарга бөгөт коюу багытындагы кошумча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×