Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 07.06.2019 15:58

Жаш талант: Окуучу Айзат өнөрү аркылуу киреше табууну өздөштүрдү

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 16 жаштагы тургуну Айзат Абжалбекова буйрутма алып, гофре кагазынан ар түрдүү гүлдөрдү, буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал быйыл 9-классты аяктады.

«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин. Учурда Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 9-классын аяктадым. Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум 7-класста башталган. Биринчи ирет мугалимиме 8-март майрамына карата гүл жасагам. Башында окшогон эмес, кийин үйрөнүп, чоң гүлдестелерди, шам чырактарды жасай баштадым. Менин эмгегим башкаларга дагы жагып, буюртма берип башташты. Баасы гүлдүн же буюмдун кооздугуна, көлөмүнө жараша болот.

Мисалы, 1 гүлдестеде 50 даана гүл болсо, ал 500 сомго бааланат. Ал эми шам чырак 1500 сом болот. Бул өнөрүм аркылуу иш-чараларга катышып келем. Быйыл Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган фестивалга катышып, сертификатка ээ болдум. Кол өнөрчүлүгүмдү үй-бүлөм, досторум, мугалимдерим колдоп турушат.

Ата-энем керектүү материалдарды алып беришет. Келечекте гүл дүкөнүн ачып, оригиналдуу гүлдөрдү жасагым келет. Ошондой эле шаарымды гүлдөтсөм деген тилегим бар», - деди Айзат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×