Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуКара-Буура району 07.06.2019 16:16 На русском

Жаш талант: 11 жаштагы Акылай кагаздан гүлдүн түрүн жасайт

Акылай Анарбекова
Акылай Анарбекова
// Turmush

Turmush -  Кара-бууралык Акылай гүлдөрдүн түрлөрүн жасайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Акылай Анарбекова 2008-жылы Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында төрөлгөн. Айылдагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин 4-классын аяктады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кагаз жана матадан ар кандай буюмдарды ойлоп таап жасаганды жактырам. Бир жолу гофре кагазынан жасалган гүлдөрдү көрүп, аябай кызыккам. Интернеттен көрүп мен да жасап калгам. Гүлдөрдү сатып пайда көрөйүн дебейм. Болгону ушундай иштер менен алектенгенди жактырам. Алгач жасагандарым жаккан эмес (күлүп). Карап отуруп, негизги сырларын билдим. Ошентип бир нече жолу жасаганда көзүм жана колдорум көнүп калды. Бош убактымда гүлгө керектүүлөрдү кесип даярдап алам.

Инимдин бала бакчасына жана классташтарымдын, бир туугандарымдын туулган күнүнө белек жасап бергем. Желим бөтөлкөдөн дагы азем белектерди жасайм. Жасаган эмгектеримди сактабайм, жакын адамдарга белекке берип коём», - деди ал.

Ошондой эле жаш кол өнөрчү бийлейт.

«3 жылдан бери бийлейм. Иш-чараларда бийлеп турабыз. Кыздарга үйрөтүп дагы турам. Индия, кыргыз, өзбек, испан бийлерин бийлейм. Мектептен жакшы окуп, татыктуу билим алып, келечектеги кесибимде кыйналбагандай болуп иштегим келет. Бий боюнча отчеттук концерт болгон сайын чоң апам барып турат», - деди ал.

Акылай 4 бир туугандын экинчиси.

«Келечекте кийим тигүү боюнча таанымал дизайнер болсом дейм», - деди ал.

Чоң апасы Шарипа: «Акылай көп ишке дилгир кыз, жоопкерчилиги чоң. Окуусуна, бийине жана башка күндөлүк иштерине жетишип, эч кимдин көңүлүн калтырбайт. Мектептеги ата-энелер жыйналышына барып, окуусу боюнча жакшы гана сөздөрдү угуп келем. Кол өнөрчүлүк кыз кишиге керек эмеспи. Ошондуктан мен колунан кайчысын алып тыйып койбойм, тескерисинче аны колдоно билүүнү көрсөтүп берем. Гүлдөрдүн түрлөрүн жасап, туулган күндөргө белек кылат. Аны жасоого керектүүлөрүн сатып алып берем. Тыюу салбай, кездемени түрлөп берип, тиккен эмгектерин карап, баа берип калам (күлүп). Мен тигүүчү машинеге отурсам эле үйрөнүүгө шашылып калат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×