Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусу, Талас 07.06.2019 21:48 На русском

Таласта күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту

Turmush -  Талас шаарында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ведомстволор аралык мамилелер боюнча маселени талкуулашты, деп билдирди Талас облустук прокуратурадан.

Аталган түзүмдөн маалымдашкандай, 6-июнда Талас облустук прокуратурасынын демилгеси менен ички иштер бөлүмүнүн имаратында сот, прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жана облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өттү.

Бул жолугушууга Талас облусунун прокурору Г.Кашкарова, Талас облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы А.Кулубаев, Талас облустук прокуратурасынын прокурорлору, ошондой эле райондордогу прокурорлордун орун басарлары, Талас ОИИБдин жетекчиси А.Жумабеков жана Талас ОИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Т.Өмүралиев, облустагы тергөөчүлөр, УКМКнын Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Н.Мадиев жана башкалар катышты.

Прокуратуранын кызматкерлери ушул жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген Жазык-аткаруу кодекси, Жазык кодекси жана Жазык-процессуалдык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча айтып беришти. Мындан тышкары жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын кодекстеринин талаптарына ылайык процессуалдык иш-аракеттер боюнча өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү тартиби (иликтөө иш-чаралары, бөгөт коюу чаралары жана башкалар) жана уюмдардын ишин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыктын мындан кийинки келечеги талкууланып, ошондой эле ушундай жолугушууларды өткөрүү зарылдыгы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×